ЖЫЛНААМА, 19-АВГУСТ: Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 48 жашка толду





Мындан 48 жыл мурун, 1969-жылы 19-августта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Фрунзе шаарында төрөлгөн. Билими – жогорку. 1986-жылы Москва шаарындагы Мичурин атындагы Мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырган. 1991-жылы Бишкек мамлекеттик институтунун орус тили жана адабият адистигин бүтүргөн. 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция адистигин, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1991-жылы - Жалал-Абаддагы Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн (ЗАГС) жетектөөчү адиси;
1995-2010-жылдары – "Палван" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
1998-2010-жылдары – "Алмаз" акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы;
2000-2001-жылдары – Кыргызстан аялдар конгрессинин түштүк регион боюнча президенти;
2003-2005-жылдары – "Кыргыз соода биримдиги" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
2005-жылы – "Экогармония женщин" коомдук бирикмесинин түзүүчүсү;
2004-жылы – Азия боюнча (азиялык) "Алыш" бел боо күрөш федерациясы коомдук уюмунун президенти,
2005-жылы – Эл аралык "Алыш" бел боо күрөш федерациясынын президенти, 2007-жылдан баштап бул федерациянын ардактуу президенти;
2010-жылы октябрь айында - "Республика" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты;
2011-жылы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жаштар саясаты, дене тарбияны өнүктүрүү жана спорт боюнча комитетинин төрайымы;
2012-2013-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
2012-жылдын июль айында - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин "Республика" фракциясынын жетекчисинин орун басары;
2013-жылдын июнь айынан баштап Жогорку Кеңештин вице-спикери.
2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты;
2016-жылдын ноябрь айынан тарта өкмөттүн социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри кызматын аркалап келет.
19-августтун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Ense1705

19.08.2017. 22:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баяман Эркинбаевдин жубайыбы
aitowa11

20.08.2017. 01:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ense1705,оа ошол
raushen

20.08.2017. 00:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
48 жаш??
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.