super.kg logo

Кыргыздын салтын, маданиятын чет элдиктерге тааныштырган "Ош-Фест-2017" эл аралык фестивалы өттү

 

Бүгүн, 19-августта Ош шаарында өткөн “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалынын жүрүшү тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы SUPER.KG порталына айтып берди. Берилген маалыматка ылайык, мындай фестиваль өлкөдө биринчи ирет өтүп жатат.

Шаарды шаңга бөлөгөн фестиваль түрдүү түстөгү жүк жүктөлгөн төө, жылкылардын керней-сурнайлардын коштоосундагы кербени менен шаардын борборунда башталды. Шаардын борбордук көчөсү аркылуу өткөн жүрүш Токтогул Сатылганов атындагы парктан токтоп, сейил бактагы көргөзмө менен уланды. Көргөзмөгө Ош шаарындагы ашпозчулардын колунан даярдалган түркүн тамак-аштар, жер-жемиштер, чыгыштын түрдүү чайлары, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган.

"Фестивалга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, USAID'дин өлкөдөгү өкүлү Кимберли Роузен, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов, шаар тургундары, коноктор жана туристтер катышты. Көргөзмөнүн катышуучуларына кербендин жүрүшү, шаардын тарыхы, калктын салт-санаасы, улуттук тамак-аштары тууралуу баяндалды. Ага улай “Этно-Ош” тобу улуттук музыка, ыр, бий тартуулашып, Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын актёрлору “Кыз узатуу” салтын, “Бабур” атындагы өзбек улуттук театры “ Жар-жар” айтуу салтын көрсөтүштү. Ошондой эле коноктор жана туристтерге эс алуу бактын ичинде тушоо кесүү салты, “Аркан тартыш” улуттук оюну уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев улуттук каада-салтты, үрп-адатты, маданиятты камтыган эл аралык фестивалдын алгачкы жолу Ош шаарында өтүп жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгилеген.

“Тарыхый мурастарга бай Ош шаарында “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалынын өтүшү тарыхыбызга жана маданиятыбызга дагы көөнөрбөс из калтырды деп ойлойм. Бул иш-чара улуттук көрөнгөнүн жүзүн көрсөтүп, патриоттуулук сезимдерди күчөттү. Улуттук каада-салт, үрп-адат, маданият эч качан бөксөрбөйт. Бул кыргыз элинин ынтымагын, улуттардын өз ара биримдигин, өлкөбүздүн тынчтыгын даңазалайт”, - дейт Кадырбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
19.08.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыйраткансып шайлоого жакын дагын бир шоу болуптурда кечее бироосу Бишкекте сюрприз болот деген ошончо акчаны чача бербей бир нерсе курсанар бизда барып туулуп оскон жерде уй-булобуздун жанында иштеп жашайт элекго ботон эл ботон жерде сагынычта ата-энебизден бир туугандардан балдарыбыздан алыс журбой.Бир жакшысын шайлагыла акчага келечекти сатпай.Кайра эле ушундай кыйналып журобуз десенер анда акчасын алып КСДП корсотконун шайлап баш ченгелдеп журо бергиле .
Azatbek83 түзөттү 2017-08-19 16:45:51
19.08.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мындай иш-чараларды өткөрүүнү салтка айландырыш керек Кыргызстандын ар бир чөлкөмүндө. Завод- фабрика аз болсо да туризм менен акча таап бутка турабыз,иншалла. Карагылачы, ар бир экинчи кыз- келиндер, балдар кийим тигип үйрөнүп алышты, азыр канча өлкөгө жөнөтүп бренд кылдык. Ата-бабаларыбыз каны-жанын аябай бизге кереметтүү жерди тартуулашты. Ошону баалап, сактап туризм менен бренд кылып өнүксөк. Бийликтин оозун тиктебей жаныбызды баксак өзүбүзгө эле пайдалуу.
19.08.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
grace, Озбекистан тс кирбей эле бардык нерсесин жонотот рф.Биздики кечегиби кайра артка кайтарды.Ата Бабалардан калган жерди сатып жок кылып салыштыго.
Azatbek83 түзөттү 2017-08-19 18:08:32
19.08.2017. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Azatbek83,Өзбекстанга теңелишибиз кыйын, аларда нефти, газ кен байлыктары канча жылдык запасы бар. Экинчиден, чет өлкөгө карзы жок, завод, фабрикаларын сактап калган, авто, тетик чыгарат. Пахта эгет, канча текстил фабрикалары бар. Эли 32млндон ашты. Кытайды да киргизген жок. Ошон үчүн биз өз жолубузду табышыбыз керек. Кудайга шүгүр, тез үйрөнөбүз, эми жакшы эл башчы келсе өнүгө Кыргызстан.
20.08.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
grace,Өзбекстандын нефти газы болсо Кыргызстандын алтын кендери жатат,ар бир тоолорунун астында жок эле дегенде көмүр кендери жатат, алардын ачыла элек канчасы жатат. Ата-бабаларыбыз канын,жанын берип кылымдар бою сактап калган мурастарын эл үчүн колдоно албай жатпайбы бийлик сөөрөйлөр!
20.08.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
grace,алар бажы биримдигине кирбесе деле жөнөтө алат товарын Россияга дейт. Биз ТСга кирген өлкө болсок да биздин товарларды Россия киргизбей кайтарып атат дептир аягы 83 деген форумчу.
20.08.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жоо журушун кордук даярдык жакшы болуптур ушундай иш чаралар коп болсун
21.08.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ady-88, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: