super.kg logo

Ырчы Анжеликанын гитара менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланды

 

Бүгүн, 19-августта интернетте ырчы Анжелика Бекболиеванын гитараны кучактап түшкөн сүрөтү жарыяланды. Буга чейин да интернет айдыңында ырчы менен ишкер, маркум Мухтар Өмүракунов экөөнүн кол кармашып түшкөн сүрөтү кызуу талкууга алынган эле. Анда бул тууралуу Анжелика сүрөттү мындан 10 жыл мурун устаты Айчүрөк Иманалиева тартканын жана арадан бир топ убакыт өткөн соң элге жарыялап жатканын билдирген. Буга Айчүрөк Иманалиева мындай жооп узаткан:

"Сүрөтүң эмес, атыңды да уккум келбейт! Күнөөнү менден эмес, сени мага кайраштырган жаныңдагы адамдардан изде. “Байке (ред. Мухтар Өмүракунов) кымбат фотосессия жасатып берейин деп жатат, чогуу барып келеличи” деп суранганыңда макул болуп, бир хан сарайга (особняк) барбадык беле. Телефон менен сүйлөшүп 10 мүнөткө эшикке чыгып келсем, энеден туума жылаңач болуп сүрөткө түшүп жатыптырсың. Ошол жерден кийимиңди үстүңө жаап, кыйкырып ыйлап, “менин өмүр бою таза иштеп, таза жашаган репутациямды бузба, бул эмне кылганыңар?” деп фотографтарды урушкам. “Бул сүрөт коомчулукка тарап кетсе, сотко берем” деп коркутуп, ал үйдөн сени колуңдан жетелеп алып чыгып кеткем, унуттуңбу? “Чыгарбагыла” дебегенимде ал сүрөттөр ошондо эле элди аралап кетет болчу", - деген эле.

Ал эми Анжелика Бекболиева да буга SUPER.KG порталы аркылуу дароо төмөнкүдөй жооп берген:

"Сүрөттү Динара Макешова аттуу фотограф тарткан. Ал мени тартып бүткөнгө чейин Айчүрөк эже эч жакка чыкпай эле жанымда отурган. Тартуу иштери бүткөн соң фотосессия кымбат турарын жана ал мага Айчүрөк эже менен Мухтар байкенин атынан белек экенин айтышкан. Анан да ал сүрөттө мен жылаңач эмес, фотографтын сунушу менен үстүмө материал жаап, колума гитара кармап тургам. Анда моюнум эле көрүнбөсө, денем таптакыр көрүнбөйт. Эгер ал сүрөт коомго жарыяланса, мен эч уялбайм. Аны искусство катары кабыл алам".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(114)
19.08.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мына сериал кайрадан башталды
19.08.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Оо Кудайым ай
19.08.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Айчурктун айткандары баарыле чын чыгып атат бирок Анжелика эч эле моюн сунбай амалкойлук менен чыгып кетип атат.Эл дагы билди окшойт кимиси кандай экенин мин актанышса дагы.
19.08.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ушул маданият менен саясаттагы адамдар тажатты!!!! жолугуп бетме бет суйлошпойсунорбу !!!арканардан суу куйбай бири биринерге!!!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: