super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Өкүл ата, өкүл эне тууралуу эмнелерди билесиз?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өкүл ата - өз ата аман болсун кайната, өкүл эне - өз эне, эсен болсун кайнене" дегенге сиз кандай карайсыз?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ата-энемдин өкүл уулдары көп. Биз менен жакшы катташат. Райондон айылга көчүп келгенде алгачкылардан болуп үйгө келишип, айылдын адатынча тамак даярдап, келип кош келипсиздер деп кетишкени эсимде. Мен ал кездери кичине болгондугумдан маани бербептирмин. Кийинчерээк үч жыл мурун аяш атамдын уулу үйлөнүп, атам менен апам аларга өкүл болушту. Ал акем менен мурун жакшы катышта болгондугумдан бир тууган байкелүү болгондой аябай кубангам. Үйдүн жанына өтүп бара жатса сөзсүз кирип, ал-акыбал сурап кетет эле, апам да сүйүнүп калчу. Чындыгында өкүл ата, апалар аябай жакын адам болуп калат экен. Улуу агаларым өкүл ата коюуга аябай маани беришиң керек деп көп айтышат. Учурда өкүл аталарды материалдык жактан жакшы адамдарды тандоо модага айланып кетпедиби. Бул туура эмес көрүнүш. Өкүл ата коюу менин оюмча бул эң жакшы салттардын бири. Себеби катташпай бара жаткан алыс тууган, тааныштарды бир туугандай байланыштырып коёт экен. Ошондуктан ойлонуп, кийин өкүнбөй турган болуп караштырып коюу керек".

"Үйлөнгөндөн кийин кыз тараптан күйөөгө, күйөө тараптан келинге өкүл ата, өкүл эне дайындалат. Өкүл ата, өкүл эненин зарылдыгы төмөнкүдөн улам келип чыккан: үйлөнгөн жигит да, жаңы келген келин да көпкө чейин ата-энелеринен тартынып жүрүшөт. Ошентип турмуштун жайын биле элек жаш жубайлар акыл-насаат, тарбиядан оолак калышы ыктымал. Ошол себептен келинге да, күйөө балага да тарбия берип, көзөмөлдөп жүрүш үчүн өкүл ата, өкүл эне дайындалат. Өкүл ата менен өкүл эне жубайларга экинчи ата-эне болушат. Булардын айткан акылын өкүл балдар угууга милдеттүү".

"Өкүл ата, өкүл эне дегенди кичинемден эле угуп жүрөм. Жаңы үй-бүлөгө жакшы үлгү болчу үй-бүлөдөн өкүл тандап коюлат. Алар жаш үй-бүлө никелешкен күндөн баштап ар кандай жакшылык, жамандыктарына күбө болуп, кеп-кеңештерин берип келишет. "7 үй-бүлөгө өкүл ата, өкүл эне болгон адамдар бейишке бир тепкич жакындайт" деп да уккам. Менин бир өкүл эжемдин төркүнү алыскы облустан болгондуктан менин ата-энемди өзүнүн төркүнүндөй көрөт, бардык жакшылык, жамандыктарына өзүнүн төркүндөрү келе албагандыктан алардын милдетин өкүл ата, өкүл энеси аткарат. Менин оюмча өкүл ата, өкүл эне коюу жаш үй-бүлө үчүн керектүү деп ойлойм. Азыр кээ бир жерлерде экиден да коюп калышты".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
20.08.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өкүл ата,өкүл энени эл көрсүнгө эмес,акыл-насаат айта алчу,үлгү боло турчу үй-бүлөөнү коюшат,азыркыдай кантип болсун,өкүл атасы өздөрүнөн жаш,эмнеге десең акчалуу,"поддержка"берет дейт,тообо...
21.08.2017. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aikokul14,
Эээ эмнесин айтасын азыркылардын. Мурунку үйлөнгөндө коюлган өкүл ата энесин булардын колунда жок деп башка бай адамдарга алмаштырып ийгенин кантесин.
21.08.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой биздин окул ата-энелерибизди тоюбуз буткондон кийин эле коргон жокбуз, алардын акыл-насаатын укмак тургай. Той буткондон кийин эле катыштарын жок кылышкан. Тоюбузда "сразу" эки балалуу болдум деп окул энебиз суйлосо, ай ииий окул энем аябай жакшы ачл окшойт десек жок ошол боюнча уже балдарыбыз чоноюп калышты окул таята тайэнелерин корушо элек
21.08.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр убакта чындыгында жашоо шартына же болбосо абройуна карап эле коюп калышты той куну белек бекчегин берет ошол бойдон сен мени мен сени тааныбайм дегендей эле болуп калды
21.08.2017. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуп чыгып өзүмдүн өкүл атам менен өкүлэнемди эстеп отурам.Менин өкүл энем атам аябай жакшы кишилер тез тез кабар алып турушат эки балалуу болдум экөөнө тең келип кетишкен.азыр өзүм өкүл ата болдум өкүл балдарым башка облустан арабыз алыс болгонуна карабай жакшы ата болушка аракет кылып келем.неберелууда болдум 29жашымда
AzKumFerDan түзөттү 2017-08-21 02:23:22
21.08.2017. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз да тортооно окул ата -окул эне болгонбуз.
Окул ата болуш деле отто кыйын.Азыркы заманда.
Окул болуп эле койбостон,балалуу болушканда катташып турабыз.
Кийин учоонон отказ кылдык.
21.08.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окул ата окул эне бул ашыкча чыгым тура мындан 6, 7 , жыл мурун жакшы болчу ошол маалдагы уйлонуп окул ата койгондор катташат ушул маалга чейин азыркылар тойдон кийин чын эле корбой каласын же болбосом ал алыс жактан же сен алыс жакта болуп катташпай калганбыз катташкандар деле бар алар дын саны ото аз азыркы кезде мен ошондуктан ашыкча чыгым деп эсептейм окул ата болуш та кыйын каражат коп кетет азыр жок дегенде орточо есеп менен 35 мин 40 миндин тегереги мурун мындай чыгым жок эле акыркы учу
21.08.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен окул атамды озум койгом менден 10жашка улуу аябай жакшы ыссык суука бирге чыдаган окул ата окул апа десе болот досторум туугандарым баары суктанышат ошол учун кенеш берер элем акчасына амалына карабай озунор конул суйгон жакшы байкелеринерди койсонор ананда озунордонда тиешелуу озунорда катташып суйлошуп кенешип турсанар жакшы болот
22.08.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окул атанын и окул баланын дагы кереги жок экен чынында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: