super.kg logo

Орусиялык ырчы Сати Казанова алгачкы жолу турмушка чыгып жатканы тууралуу маек курду

 

Орусиялык ырчы, актриса жана алып баруучу Сати Казанова алгачкы жолу өзүнүн жеке жашоосу тууралуу HELLO басылмасына маек берип, күзүндө турмушка чыгууга камданып жатканын айтты. Белгилүү болгондой, ырчынын болочок жолдошу – италиялык сүрөтчү Стефано Тиоццо.

“Соңку кездерде мен тууралуу көптөгөн ушак-айыңдар айтылды. Анын баарына чекит коюу максатында жеке жашоом жөнүндө өзүм жарыялоону туура көрдүм", - деп кеп баштаган ырчы буларга токтолгон:

"Стефано экөөбүздүн таанышканыбызга 1 жылдай болду. Экөөбүз Германияда курбум Марина менен Стефанонун байкеси Миссбахтын үйлөнүү тоюнда таанышканбыз. Анда мен тойго ырдаганга барсам, ал конокторду сүрөткө тартып жүргөн. Экөөбүздүн тең буга чейин жеке жашоодон жолубуз болбогондуктан ал учурда бири-бирибизге көз сала турган абалда эмес болчубуз. Болгону 5 мүнөткө жакын гана баарлашып турганбыз. Кийин курбумдун дагы бир жакшылыгында кайрадан жолугуп калып, ошондон тарта жакын мамиледе болуп калдык”, - деген ал.

Ошондой эле түгөйлөр бири-бири менен англис тилинде сүйлөшөрүн кошумчалаган.

“Таанышкандан тарта англис тилинде сүйлөшөбүз. Учурда ал орус, мен италия тилин өздөштүрүүдөбүз. Себеби Стефанонун апасы мени менен кантип баарлашам деп тынчсызданып жатыптыр. Андыктан баш кошконго чейин бул тилди үйрөнүүгө болгон аракетимди жумшайм.Үйлөнүү тоюбузду күзүндө өткөрүүнү пландап жатабыз. Азырынча кайсы өлкөдө болору аныктала элек. Ал эми келечекте көпчүлүк убактыбызды Орусияда өткөрүп, Италияга да бат-баттан барып турабыз”, - деген ырчы.

Ал эми дин маселеси боюнча буларга токтолгон.

“Мен – мусулманмын, болочок жолдошум – католик. Экөөбүз тең бири-бирибизди сыйлайбыз, бирок ар кимибиз өз динибизде калабыз”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
21.08.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Не бул кыз мусулманбы ошондо?
21.08.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул Кабардинка да
22.08.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Altyn2017,татарка
21.08.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сати Казанова татарка!
21.08.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биз бякта кайсы ресторанда откорорубуз белгисиз деп журсок булар кайсы олко дейт го
21.08.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мусулман болсо мусулмандыр,жакшы кыз экен
21.08.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мусулман кыз башка диндин окулуно турмушка чыкса болбойт.
21.08.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мусулман экенин биринчи угушум жакшы экен мусулман болсо
21.08.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул орус жашы бир кыйлага барган, картан бизнесмен мн жашап уйлонуп алган эле го суроттор да барлего
22.08.2017. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негедир жагат ушул ырчы.
03.09.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сати Казанова кабардинка
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: