Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-августта өкмөттүн жыйынында билдирди.
"Бүгүн мен кызматтан кетүүнү чечтим. Түштөн кийин президентке отставкага кетүү тууралуу арызымды тапшырам", - деди Жээнбеков.
Айта кетсек, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы С.Жээнбековду президенттикке талапкер кылып каттаган. Премьер-министрдин милдеттерин аткаруу биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жүктөлдү. Жаңы премьер-министрди жана өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш шайлайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
Рейтинг:
5
5
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















