super.kg logo

"Дыйкан" базарын кайра ачып берүүнү талап кылган 30га чукул соодагер мэриянын алдына чогулушту

 

Бүгүн, 21-августта Бишкек шаардык мэриясынын алдына 30га жакын адам чогулду. Алар май айында жабылган "Дыйкан" базарынын соодагерлери экенин айтышып, шаар башчысына жолугууну көздөшүүдө.

Айтымдарында, алар буга чейин базардын жабылышы мыйзамсыз экенин айтышып, президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө, Бишкек шаарынын мэрине кайрылышкан.

Бизди 23-майда милиция күч колдонуп, активдүү 12 аялды камап, базарды жабышкан. Биздин насыяларыбыз бар. “Сары Өзөн” же “Дордой Дыйкан” базарларынан соода орунун сатып алууга чамабыз келбейт. Ошондуктан өзүбүз иштеген “Дыйкан” базарын кайра ачып берүүнү талап кылып, 40тан ашык соодагер кол койгон арызды мэрге 14-августта тапшырганбыз. Азыр арыздын жообун угуу үчүн чогулганбыз”, - деди Гүлзия Курамаева.

Ал эми “Дыйкан” базарын жабуу учурунда милицияга каршылык көрсөтүп, 5 күн камалып чыккан Манзура Алимбекова 800 миң сом чыгымга учураганын айтты.

"800 миң сомдой товарым 5 күн камалып чыкканча чирип кетти. Жаздын күнү жашылчалар көпкө турбайт. Чыгымдардын ордун толтуруу талабын ошол күндөн бери айтып, бардык бийлик бутактарына кайрылып келе жатабыз. Бирок жыйынтык жок. Эми бизге базарды иштетүүгө уруксат берсе, биз бүт чыгымдарды жаап, насыяларыбызды төлөшүбүз керек”, - деди Алимбекова.

Учурда 30га чукул адам шаар бийлигине жолугууну көздөп мэриянын алдында турушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.08.2017. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Еми ачкан күндө деле ел барбайт ел сары озонго көнүп калды уже пробка жок жакшы екен бизге да онтойлуу болуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: