Сооронбай Жээнбеков Текебаевге жана Жапаровго карата чыккан өкүмдөр тууралуу оюн айтты
Отставкага кетүүсүн жарыялаган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков депутат Өмүрбек Текебаевге жана экс-депутат Садыр Жапаровго карата чыккан соттук өкүмдөр тууралуу журналисттерге жооп берди.
"Сот чечим чыгаргандан кийин аны аткаруу керек. Менин позициям мыйзамды сактоо, аны аткаруу болуп саналат", - деди Жээнбеков.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыраткан. Ушул эле соттун чечими менен Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
Рейтинг:
-23
-23
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















