super.kg logo

Абдумалик Шерматов камкордугуна алган көзү азиз аялдын күйөөсү: "Шерматов аялымды акча табуу үчүн пайдаланып, мени үй-бүлөсүз калтырды"

 

Көзү азиз Айнагүлдүн жолдошу, эки баланын атасы Темиркул Асеков15-августта алдамчылыкка шектелип Абдумалик Шерматов камакка алынгандан кийин ырчынын камкордугунда көзү азиз Айнагүл Абасова аттуу эки балалуу аял бар экени белгилүү болгон. Ал ырчы камалгандан кийин балдары менен үйүндө ачка отурганын айткан. Ал эми көзү азиз Айнагүлдүн Шамалды-Сай шаарчасындагы жолдошу, эки баласынын атасы Темиркул Асеков SUPER.KG`ге байланышып, буларды айтты:

Абдумалик Шерматов аялым менен бирге иштешүүнү макулдашкандан кийин бизди алып кетти. 1 ай 15 күн мен алар менен чогуу жүрдүм. 2016-жылдын күз айлары болчу. Акыркы күндөрү ал мени сөгүп, басынтып, жаман мамиле жасай баштады. Мен ага чыдабай, эмне болсоңор ошол болгула, мени үйгө жеткирип койгула дедим. Ошондон кийин мен алардан бөлүнүп калдым.

Кайрымдуулукка деп мурда эле банктан эсеп ачкан болчубуз. Ал жерде элден чогулган үй алабыз деген 400 миң сом акчабыз бар эле. Кийин сураштырсам ал банктык эсепти да Бишкекке которуп кетишиптир. Мага кийин кайра келишти “алып кетели, биз менен чогуу жүр” деп. Бирок мен баргым келген жок. Азыр Айнагүл айтып жатат "мурда мени ичип келип урчу" деп. Мен анын чекесине чертчү эмесмин. Абдумалик менин көзү көрбөгөн аялымды акча табуу үчүн пайдаланып, мени үй-бүлөсүз калтырды”, - деди Темиркул Асеков.

Ал ырчы камалганын уккандан кийин Бишкекке келип, анын үстүнөн арыз жазганын да айтты.

Асековдун айтымында, 2016-жылдын башында оор шартта жашаган үй-бүлө Шамалды-Сай шаарчасындагы банктардын биринен эсеп ачып, кайрымдуу адамдар аларга жардам көрсөтө баштаган. Анткени үйү жок кичинекей үй-бүлө аймактагы кароосуз калган кампалардын биринде күн кечирчү. Ал эми анын жубайы көзү азиз Айнагүл Абасова чыгармачылык чөйрөгө, ырга жакын болгондуктан 2016-жылдын күзүндө ырчы Абдумалик Шерматов менен таанышып, бирге иштешүүнү чечет...

Ал эми Айнагүл Шерматов аркылуу чоң сахнага кадам таштап, жакшы турмуш кечирип жатканын айтып, ал аркылуу акча таап жүрөт деген кептерге ишенбей турганын айтты.

Көзү азиз Айнагүл Абасова“Абдумалик жакшы адам. Ал мага көп нерселерди үйрөттү. Мени үйлүү болуп калсын деп Бишкекте кайрымдуулук концертин берди. Ал жерден 24 миң сом түштү. Мындан тышкары той-мааракелерге барып, ал жерден анча-мынча иштеп акча тапчубуз. Банктагы эсептерге түшкөн акчалар концерт уюштуруу, тамак-аштан ашкан жок. Москвага чейин алып барды. Азыр 800 миң сомго Кара-Балта шаарына жакын жерден үй алганбыз. Анын жарым акчасы төлөнө электигинен документтерин ала элекпиз. Ал мени алдап акча таап жүрөт деген сөздөр жалган, мен мындай кептерге ишенбейм”, - деди Айнагүл.

Эске сала кетсек, ырчы Абдумалик Шерматов алдамчылыкка шектелип, 15-августта убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда ырчынын үстүнөн жазылган арыздарды милиция иликтеп жатат.






"А. Шерматов аялымды акча табуу үчүн пайдаланып, мени үй-бүлөсүз калтырды"

Шерматов камкордугуна алды деген көзү азиз Айнагүлдүн жолдошу жашаган үй

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(20)
22.08.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Ырысына тээпсин Айнагул,аттин эки балана Абдималик ата болуп бермек беле,оз канындагы балдарын карабай таштап кетсе.Козу корбосо канча акча сол чонтокко кеткенин байкамак беле..
22.08.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Аял ойлонуш керек да.Балдардын атасы менен эле жашай бербейби таттуу сөздөргө алданбай.
22.08.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кара...! Козу корбосо да акчага алданган шорлу кыз келиндер....
Неге.. ?
22.08.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Көзунөр эмес, көкурөгунөр көр болгон турбайбы. Жакшы турмушуңду бузуп.
22.08.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Начар аял экен жиним келип кетти эми ырдасанда эч ким акча бербейт алдамчы десе
zhykyo түзөттү 2017-08-22 14:55:24
22.08.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
zhykyo,мен да ошентип ойлоп калдым.
22.08.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишениш кыйын
22.08.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Абдималиктин аялы бузуп жатат дедиго жакшылап такташ керекта
22.08.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Башында эле ушинтип ойлогом,козу азизди акча табыш максатында колдонуп журот окшойт деп. Адамдар акча учун эмнелерди гана кылбайт азыр,кудайым ыйман берсин баарыбызга.
22.08.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Айнагул ушул кылган кылыгы учун омур бою окунот,кыргыздын корунуктуу аялдары Шайыргул эже Динара эжелерди барктай албаган эркек кантип эле Айнагулдун баркына жетсин,акча жасаш учун журотда кызыгы таркаганда жон эле таштап кетпейт,Айнагул жолдошун таштап акылы кыскалык кылыптыр,ушул уй булонун балдарынын убалы абдумаликти уктатпастыр
22.08.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Диана Гурцкая кылам десе ишенип алса керек да байкуш
22.08.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жогоруда Абдумаликти козу азиз келинге как будто уйлонуп алгандай жазышыптыр да. Ал киши майыптарга жон эле жардам корсотуп атса керек. Пендебиз да.... бир озу анан Кудайдан башка эч ким билбейт, жардам берип атабы, же озу учун иштеп атабы. Силерге оюнарга келгенди жазып коюп олтура бериш оной да. Ким кандай болсо, ар кимди озундой ойлойт. Карыз болсо болгондур, бул Кудайдын сыноосу же адашкан кырсык десе дагы болот. Эч кимдин башына салбасын.
22.08.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Snejana,куйоом деп Айнагул озу чыкты го.Асмандан тушконсубочу
22.08.2017. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
meni_kut,ха хасынго
22.08.2017. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы иш жасап жатканго деп башыда суйунгом Айнагулду алып чыгып ырдатып жардам берейин дегенде кийин аял кылып алган турбайбы пайдаланып акча учун апасын сата турган болуп калышты го чиркин
22.08.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу соо канчалаган келин-кесектер журот эрсиз,уйлонуп алыныз кайгырбай
23.08.2017. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айнагулду сүйүп эч кимдин каршылыгына карабай, үйлөнгөн күйөөсүн кантип таштады, бештен белгилүү болуп турбайбы, просто абдумаликтин игрушккасы болуп жатат. Бечара күйөөсүнө сабр тилейм ден соолук тилейм, эч кайгырбаныз ден соолук болсо баары болот. Айнагүл эртен эле келет кечирим сурап, ошондо ХХХХ. дениз, ал күн да алыс эмес.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-23 10:00:37
23.08.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aijana121197, этика нормаларын сактаңыз.
23.08.2017. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айчүрөк менен Анжеликанын чуусу бүтүп Абдумаликтики башталдыбы. А тамгасы ушуну менен бүтөбү, башка тамгалардын кезеги качан
25.08.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип эле Абдумалик алып алсын, туура эмес соз го менимче. Аны бир Абдумалик озу билет анын айткандары чыга элек пока. Бирок Шайыр,Динаралардан кийин кантип эле бироонун никесиндеги куйоосу бар азиз аялга уйлонуп алсын ишенбейм, куйоосу жок болсо да мейли эле. Эгерде чын болгон болсо Абдималик XXXX.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-25 11:10:13
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: