super.kg logo

Түркмөнстандын борбор шаарында көчөгө кир жаюуга тыюу салынды

 

Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда көчөгө кир жаюуга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, буга сентябрь айында Ашхабадда өтө турган Азия оюндары себеп болгон. 16-августта Ашхабаддын эки кичи районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү батирлерди кыдырып, 17-августтан Азия оюндары аяктаганга чейин балкондорго кир жаюуга тыюу салынарын эскертишкен. Бирок жашоочулар тыюу тууралуу расмий документтер көрсөтүлбөгөнүн айтышкан. Андан тышкары эреже бузгандарга 400 манат өлчөмүндөгү (болжол менен 8 миң сом) айып пул салынарын айтышкан.

Айта кетсек, Түркмөнстан учурда өлкө тарыхындагы эң ири эл аралык спорттук иш-чарага даярдык көрүүдө. Ашхабадда "Азиада-2017" оюндары 17-27-сентябрь күндөрү өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
22.08.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
400минби 400тыйынбы жазып койсого... Манат сомдон томон болсо керек
22.08.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Cherik.777,Мин,тыйыны жок эле жон эле 400 манат. Валютадан карасан 400 манатын 7856сом болот экен. Ойдодо болжол 8000 мин сомду жазыптыр. Курс 19.6411 экен. Эми озун эсептеп кор!
AykaMer түзөттү 2017-08-22 11:11:45
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: