super.kg logo
  Саясат  

Президент 25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүүнү суранды

 
Алтынбек Сулайманов ("Бир бол"), Иса Өмүркулов (КСДП), президент Алмазбек Атамбаев жана Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан")
Алтынбек Сулайманов ("Бир бол"), Иса Өмүркулов (КСДП) жана президент Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Баатырбеков, Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын лидери

Бүгүн, 22-августта президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына кирген КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Иса Өмүркулов, Алмазбек Баатырбеков жана Алтынбек Сулайманов менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Атамбаев өкмөттүн жаңы курамын түзүү үчүн 25-августта кезексиз жыйынды өткөрүү суранычы менен парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбековго кат жөнөткөнүн айтты. "15-октябрда президенттик шайлоо өтө турганына байланыштуу өлкөнүн аткаруу бийлиги туруктуу жана пайдалуу болуш керек. Мындан улам кыска мөөнөттүн ичинде өкмөттүн толук курамы түзүлүшү зарыл", - деди фракция лидерлерине өлкө башчы.

Мындан тышкары Атамбаев президенттик шайлоону өткөрүү менен бирге өкмөттүн алдында кышка даярдануу жана күзгү талаа иштерин жүргүзүү милдеттери бар экенин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: