super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттө “революция”: Жаңы министрлер кабинети 30-45 жаш курактагылардан куралары күтүлүүдө

 

Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенине байланыштуу жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттү бекитмекчи.

SUPER.KG порталынын өздүк булактарынын маалыматтары боюнча жаңы өкмөт жалаң прогрессивдүү, билимдүү жана илимдүү 30-45 жаш курактагы жаштардан куралары айтылууда. Мындай идеяны өкмөт башчылыкка талапкер катары айтылып жаткан Сапар Исаков көтөрүп жатканы белгилүү болду.

Учурда президенттик аппараттын жетекчилигин аркалаган Сапар Исаков министрлер кабинети калктын сабырын түгөтүп бүткөн эски муундагы саясатчылардан эмес, өзү сындуу билимдүү жаштардан түзүлүшүн талап кылып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Бирок эски саясатчылар менен олигархтар тарабынан учурда президенттик аппарат башчысына каршы каралоо кампаниясы активдүү жүргүзүлө баштады. Бул алардын өкмөт башчылыгына Сапар Исаков баштаган прогрессивдүү жаштар командасынын келишинен, орноп калган эски системди Грузиядагыдай түп-тамырынан өзгөртүү болуп кетишинен чочулап жатканынын белгисидир. Өздүк булактын билдиришинче, сөз болуп жаткан жаңы министрлер кабинетинин курамында Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев да болушу мүмкүн.

2003-жылы ок атуусуз өтүп, “розалар революциясы” деп атыккан окуянын жыйынтыгында Грузиянын бийлигине Михаил Саакашвили баштаган, көпчүлүгү чет жерлерден билим алган жаштардан куралган өкмөт келген. Аталган топ укук коргоо органдарынан тартып өлкөнүн башкы тармактарында радикалдуу реформаларды жасап, ийгиликке жетишишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: