"Мегакомду" 13,5 миллиард сомдон жогору баага сатканы жатышат. Баштапкы баа 20 миллиард сомго чукул болчу

"Альфа Телеком" Жабык акционердик коому (MegaCom) 13 миллиард 500 миллион сомдон төмөн эмес баага сатылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу Болсунбек Казаков билдирди.
Анын айтымында, 18-августта "Мегакомдун" акцияларынын 100 пайыз мамлекеттик пакетин түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө чечими кабыл алынган. "Сатып алуучу талапкерлер аталган суммадан төмөн эмес баага сатып алуу сунуштарын берүүсү керек. Ошондой эле сатуу баасынын үстүнөн 7 пайыз өлчөмүндө комиссиялык төлөм алынат. Талапкерлерден сунуштар 25-сентябрдан кеч эмес мөөнөткө чейин кабыл алынат", - деди ал.
Эскерте кетсек, "Мегакомдун" жеке менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. 3 ирет сатыкка коюлуп, кардар табылган жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандоодо. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган.


Жанталашып жаның сат, байыймын деп баарын сат.
Аның сатпай мунуң сат, латунаң сат,метиң сат,
Бир өпкөнгө бетиң сат, коюң союп этин сат,
Түндүгүң сат, үйүн сат, коломтодо күлүң сат,
Баарын сатып бүткөн соң оо, КЫРГЫЗЫМ!
– Колтугуңдун жүнүн сат эй!
Сат, сат, сат, сат, сат!
Сатбасак кандай зыян тартабыз?
Ушуга жооп алгым келет.
Өтүңдү сат ХХХХ сат.
Алар дагы аз болсо оо Кыргызым
Үйүңдөкү балаң сат....
Озубуз кунолубуз бийликти билип туруп кунолойбуз