Кыргыздар көк бөрү боюнча мелдеште өзбектерди 11:2 эсебинде утту

Казакстандын Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз улакчылары өзбек курамасын 11:2 эсеби менен жеңип алды.
Оюн учурунда Кыргыз өлкөсүнүн улакчылары мыкты оюн көргөзүп 1-бөлүктө атаандашына 4 улак таштаган. 2-бөлүктө Кыргыз улакчылар атаандашына 7 улак таштаса, өзбек улакчылар ага 2 улак таштап жооп берди.
Оюндун жүрүшүндө Кыргыз улакчылары каршылык көргөзбөй, өзбек командасына улак таштаганга мүмкүнчүлүк түзүп бергенин көрүүгө болду.
Беттештин жыйынтыгында, Кыргыз курама командасы 11:2 эсеби менен жеңишке жетти.
23-августта Дүйнө чемпиондугунун 3-турунун алкагында Кыргыз курама командасы Түркия курамасы менен ойнойт.
Эске салсак, кечээ, 21-август күнү Кыргыз курама командасы Монголия курамасы менен беттешкен. Анда Кыргыз улакчылар атаандашына мүмкүнчүлүк бербей, биринчи бөлүктө 2 улак таштаса, экинчи бөлүктө дагы 2 улак таштаган. Жыйынтыгында Кыргыз улакчылар 4:0 эсебинде жеңип алган.
Маалымдай кетсек, аталган мелдеш "EXPO-2017" көргөзмөсүнүн алкагында өтүп жатат. Анда жалпы 12 курама команда катышып 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы "А" тайпасына туш келип Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары менен беттешет.
кошулду

Башка мамлекеттикин оздору ошол кабинеттеринен гана тв дан алып берет,,а бул жерде ты что,Астанага барыш керек))
Биздикилер только имиш имишти,анан элдик кабарды,анан сайт кабар деп эки уч кундон кийин жазып чыгышты гана билбесе....