Жалал-Абад облусунда бүтүрүү кечелерин кафе-ресторандарда өткөрүүгө тыюу салынды
Жалал-Абад облусундагы жалпы билим берүүчү мектептерде Акыркы коӊгуроо майрамын жана бүтүрүү кечелерин уюштурууда, жеңил автоунаалардын коштоосундагы жүрүштөргө чыгууга жана кафе, ресторандарда, жаратылышка чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу облустук ИИБинин басма сөз кызматы маалымдады. Мындай чечим өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Төрөмаматовдун 2013-жылдын 3-майында чыгарган буйругунун негизинде киргизилүүдө. Буйруктун негизги максаты - бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, ашыкча чыгымдарга жол бербөө жана кийинки муундарга үлгү көрсөтүү болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

