super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "Азыр өз ордумду парламенттен көрүп турам"

 

SUPER.KG порталы Сапар Исаков жаңы өкмөт башчылыгына келип, командасын жалаң прогрессивдүү, билимдүү жана илимдүү 30-45 жаш курактагылардан курамакчы болуп жатканын өздүк булактарга таянуу менен жазган. Жаңы министрлер кабинетинин курамында Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев да болушу мүмкүн деген маалымат боюнча эл өкүлү комментарий берди.

"Мен журналистикада да, парламентте да принципиалдуулукту башкы орунга коюп келе жатам. Дайыма чындык тарапта, эл тарапта болуу мен үчүн маанилүү. Бирок өкмөттө, аткаруу кызматында иштеп көрүү ниетим бар. Ал колумдан келерине ишенем. Ушул тапта мен өз ордумду парламенттен көрүп турам, анткени элибизге азыр адилеттүү сөздү, өкмөттүн кемчилигин кошо айтып турган депутаттар керек", - дейт депутат.

Жанар Акаевдин айтымында, жаштар келет деп сүйүнгөнү менен азыр деле ИИМдин башчысы, юстиция министри жаш, дагы бир канча жаш жетекчилер бар, бирок алар деле эскилерден айырмалана алышкан жок.

Сапар Исаков боюнча эл өкүлү пикирин мындайча улантат: "Аны азыр баары ашыра мактап жатышат, ошолор ушинтип мактап отуруп, көп жетекчини жардан кулатышты. Мен тескерисинче, Сапар Исаковго жакшылык каалайм, ошон үчүн анын өкмөтүнө сын да айтып, сунуш да айтып, керек болсо оппозициянын ролунда болушум мүмкүн. Ошондуктан мен азыркы өкмөт менен иштешүү же кызматка келүү ниетим жок деп так кесе айта алам. Келечекте өз партиябыз же жаңы муундан куралган принципиалдуу жана жаратман команда менен келип, туруктуу өкмөттү курап, олуттуу өзгөртүүлөрдү жасайбыз деген пландарыбыз бар. Албетте, бул келечектин иши".







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: