super.kg logo

Башкы прокуратура оппозициялык "Сентябрь" телеканалын кайсы репортаж үчүн сотко бергени белгилүү болду

 

Бүгүн, 22-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Башкы прокуратуранын оппозициялык маанайдагы "Сентябрь" телеканалынын үстүнөн берилген арызы каралууда. Отурумдун жүрүшүндө сотко кайрылууга эмне себеп болгону белгилүү болду.

Башкы прокуратуранын өкүлүнүн айтымында, 2016-жылы 29-сентябрда Жалал-Абадда "Сентябрь" телеканалынын түз эфиринде Абдылда Капаров аттуу жаран (Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы - ред.) Ош окуясы тууралуу маек берип жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган пикирин айткан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура телеканалды жабуу суранычы менен сотко кайрылууда.

Айта кетсек, Абдылда Капаров 2017-жылдын 25-мартында камакка алынган. Ага укук коргоо органдарына жалган көрсөтмө берген, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн деп айып тагылган болчу. 21-июнь күнү ал Ош облустук сотунун чечими менен 4 жылга эркинен ажыратылган.

Абдылда Капаров бир тууган Жээнбековдор (Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбеков) 2010-жылы Ош окуясын жөнгө салууга бөлүнгөн акчаларды мыйзамсыз пайдалангандыгын айтып сындап келген. Ошондой эле ал Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов камакка алынганда Ош шаарында эл чогултуп нааразычылык акцияларын уюштуруп, Ош облусундагы Ө.Текебаев жана Д.Чотоновду коргоо комитетинин төрагасы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
22.08.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Доказательства барбы экен ушул убакка чейин эмне кылып журуптур жээ АШАны чычалаткан учун сотко бериптирби
22.08.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми ушуну таптынарбы? ошол учурда сотко бериш керек эле! уже бир жылдан ашып кетиптир уктап журобергиле беш алты жылдан кийин кылмыш козгойсунар адамдын иши эмес бул кылыгынар!
22.08.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эптеп бул каналды да жаап жок кылыш керек.Текенин тамырын кыркышка аракет леп тушуном.
22.08.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ай бийлик силерге соз жок экен го. силердин да кунунор бутор.
22.08.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликтегилер Бакиевден отуп кеттинер,ушинтип шишинер толо баштаганда бирди корчуу эленер.Жарылайын деп калдынар окшойт?
22.08.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылбаганы улул эле калды
22.08.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылбаганы ушул эле Ава
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: