Ысык-Көл. ОИИБи жайкы туристтик сезонго даярдык көрүүдө
Ысык-Көл ОИИБинин башчысы Мырзабек Исмаилов быйылкы жайкы туристтик сезонго даярдык көрүү жөнүндө буйрук чыгарды. Буйрукка ылайык, ОИИБинин кызматкерлери Ысык-Көл районундагы пансионаттардын кызматкерлери менен жолугушуу уюштурушуп, бир топ маселелер боюнча пикир алышты. Туристтик сезон учурунда ИИМ Академиясынын 200 курсанты коомдук тартипти көзөмөлдөп, Бостери участкалык милиция бөлүгүнүн базасында тартипти сактоого тартылган күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо боюнча атайын штаб түзүлөт. Ошондой эле Бостери жана Чолпон-Ата аймактары өзгөчө көзөмөлгө алынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

