super.kg logo

Ат-Башы районунда токко тартылып оор абалда жаткан Айгерим Дүйшөмбиева эсине келди

 

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 28-апрель күнү көмөк чордонго токко тартылып денесинин 50 пайызы күйгөн Айгерим Дүйшөмбиева эсине келди. Анын абалын билүү үчүн Бишкек шаардык №4-ооруканага барганыбызда Айгеримди кичинесинен багып чоңойткон таякеси Мурат Дүйшөмбиев маалымат берди. Ошондой эле кыздын абалы дагы деле оор болгондуктан, "инфекция жугушу мүмкүн" делинип башка бирөөлөрдүн анын жанына кирүүсүнө тыюу салынып жатканын айтты.  

Айгерим, Кудай буюрса эсине келди. Кичинеден чай, тамак ичип баштады. Мени менен акырындан сүйлөшүп да жатат. Азырынча эч кандай жардамга деле муктаж эмеспиз. Кудайга шүгүр, кыргызымда колун сунган адамдар көп экен. Анан дагы көмөк чордон тиешелүү болгон РЭСте иштегендер да жакшы жардам көрсөтүшүүдө. Учурда Ат-Башыдагы жана Бишкектеги дарыгерлердин жардамы менен оор абалдан чыгып келе жатат”,- деди.  

Ал эми "балким, дары-дармектерин сатып алууга акчалай жардам керектир?" деген сурообузга “азырынча баары жетиштүү. Ушул оор абалдан чыгып кетсек, балким кийин операцияларына, терисин калыбына келтиргенге жардам керек болоттур. Алдыда 3 операция күтүп жатат. Кудай буюрса айыгып кетсе эле, калган нерсе табылат. Өзүмдүн эле кызым болуп калган, кичинесинен чоңойттум да,- дейт Мурат Дүйшөмбиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: