super.kg logo

Ысык-Ата районунда эки унаа сүзүшүп, айдоочу жана анын апасы каза болду (фото)

 

Ысык-Ата районунда эки унаа сүзүшүп, айдоочу жана анын апасы каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 08:00 чамасында Сокулук-Токмок айланып өтүүчү жолунун 41-чакырымында (Ысык-Ата району) болгон. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан Ниссан үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, чыгышты көздөй бараткан Ауди үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

"Кырсыктын кесепетинен Ауди унаасынын айдоочусу жана анын апасы окуя болгон жерден көз жумган. Ал эми Ниссан унаасында айдоочу гана болгон. Анын буту, кабыргасы сынып Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.

Күбөлөрдүн айтымында, Ниссан үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалда болгон.

Адистердин баамында, өлкө аймагында катталган жол кырсыктарынын көбү жол-кыймыл эрежелерин сактабагандыктан болот. Айрымдар Патрулдук милициянын жанынан акырын айдап, андан өткөн соң катуу ылдамдыкта айдашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.08.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
камера жок болсо катуу айдайт да жаны чыгып.Жолдорго камера койбосо Кыргыздар кырылып бүтөт ушул авариянын айынан...
23.08.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздар авто кврсыктан эле кырылмай болуштуго.
23.08.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул мас болуп сузгондор озу олбой бей куноо бир адамдардын омурун алып кетти бир жуманын ичинде канчалаган авария болду мастардын кесепетинен ичип рульга отурбайлычы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: