super.kg logo

Текебаевдин адвокаты сотко эскертүү бергени үчүн жактоочулук лицензиясынан ажыратылышы мүмкүн

 

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов жактоочулук лицензиясынан ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Хасанов өзү SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, буга анын Өмүрбек Текебаевдин сотунда жумуш убактысы бүткөнүнө карабай уланганына карата эскертүү бергени негиз болууда.

"Сот Айбек Эрнис уулу мен соттук отурумду иш убактысы бүткөндүгүн жана Өмүрбек Текебаевге "Тез жардам" кызматы чакырылып, абалы начарлаганына байланыштуу эртеңки күнгө жылдырыңыз деп 2-3 жолу эскерткенимди негиз кылып менин үстүмөн жеке аныктамасын берип жатат. Жеке аныктама берилгенден кийин ал Юстиция министрлигине жиберилет. Анын негизинде адвокатуранын этика боюнча комитети карап өзүнүн жыйынтыгын чыгарып берет. Эгер чындап менин аракеттерим туура эмес деген чечим чыгарышса, ал Юстиция министрлигине жөнөтүлөт да анын негизинде менин адвокаттык лицензиям жокко чыгарылат. Мен бул жеке аныктаманын үстүнөн даттануу жазам. Андан сырткары мен дагы бүгүн мыйзамдын негизинде Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына кайрылдым, алар карап чыгып өздөрүнүн чечимин чыгарышат", - деп түшүндүрдү жактоочу.

Андан сырткары ал аталган соттун жеке аныктамасынын негизинде анын лицензиясынан ажыратуу аракетин саясий куугунтук катары баалай турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
23.08.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чотонов айткандай Тарыхта калды бул Сот-Шоу.
Жумуш убактысы бутсо да сот ишин уланткандары туура эмес да. Анын устуно Текебаевдин ден-соолугу начарлап жатканда пенделик кылып жардам беруу да адамдык парз болуп саналмак.
23.08.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыскасы кысым кылып жатышат да
23.08.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кайтар дуйно экенин билишбей жататго дейм
23.08.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ашанын кучугу болдуго бул сот
23.08.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айбек келечегини ойло. Туболуктуу эч ким сот болгон эмес
23.08.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эртен озун ошолордун ордунда отуруп кала турган кунду эсте Айбек
23.08.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Падыша бол,кайырчы бол баары бир олум учун бирдей сенин катарын.Мерседес минип сен да отосун дуйнодон,макас кийип мен да отомун дуйнодон. Ээ пенделер бир боорлор бул дуйно кызыкчылыгын ойлоп,кор пенделик кылып бири бирине жамандыктын жолун издегенче,ар ким озун акырет азабынан сакта деп бейиш жолун издегиле. Жаратканга жалынып куноолордун кечирилишин тилейли,тиги дуйно азабынан сакта деп сураналы,жалпы момун мусулмандар туура жолубуздан адашпайлы,Аллахым адашкандардын жолунан сактасын Ооомийин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: