super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-АВГУСТ: 15 жашында киши өлтүрүүгө шектелип, аз жерден камалып кете жаздаган орус актёру Игорь Петренко 40 жашка толду

 

Орусиялык актёр, “Вера үчүн айдоочу” фильминин жылдызы Игорь Петренко 1977-жылы 23-августта туулган. Ал кичинесинен көз карандысыз, эркин жашоого көнгөндүктөн 15 жашында түрмөгө камалып кете жаздаган.

Актёрдун бала-чагы

Тактап айтканда, 1992-жылы өзүнөн улуу балдар менен достошуп, алардын бири Александр Авраменко аттуу жигитке 100 миң рублга жакын акча карыз болуп калат. Бирок акчаны убагында төлөй албасын билип 15 жаштагы Петренко менен карыз берген адамды бир аз коркутуп коюуну чечишет. Ошол учурда ачууга алдырып жиберген досу Авраменкону атып салган.

Кылмышка шектүүлөр дароо эле кармалганы менен, Игорь жашы жете элек өспүрүм болгондуктан соттун жыйынтыгы 5 жылдан соң гана чыккан. Ал учурда укук коргоо органдары актёрдун Щепкин атындагы окуу жайында студент экенин, андагы жүрүм-турумун, анын үстүнө каргашалуу окуяга кокустан аралашып калганын эске алып, ага жеңилдик иретинде 8 жылга сыртынан кесишкен.

Актёрго тасмага тартылуу сунушу студент кезинен тарта эле түшө баштаган. Ал кезде бир канча фильмге тартылганы менен, көптөр Петренконун мыкты ролу деп “Жылдыз” согуштук драмасындагы лейтенант Травкиндин образын айтып келишет. Ал бул образы аркылуу "НИКА" сыйлыгынын лауреаты аталып, Орусиянын мамлекеттик премиясына ээ болгон. Ошондой эле “Триумф” премиясынын алкагында “Жылдын ачылышы” деп табылып, орустун кино тармагында жаңы жылдыз пайда болгон.

2004-жылы “Вера үчүн айдоочу” фильмине тартылып, өзүнө берилген ролду мыкты аткара алгандыктан көптөгөн күйөрмандарды топтогон. Ал эми 2009-жылы таптакыр башкача образда, тагыраагы "Тарас Бульба" фильминде Тарастын кичүү уулу Андрийдин ролун аткарган.

Тарас Бульбанын уулунун образында

2013-жылы орустар тарткан “Шерлок Холмс” сериалында башкы каармандын ролун аткарып, ошол жылдан тарта “Шерлок” деген атка конгон.

2000-жылы Ирина Леонова аттуу актриса менен баш кошуп, көп өтпөй ажырашып кетишкен. Кийин Екатерина Климова деген актриса менен үйлөнүп, экөө Матвей жана Корней аттуу уулдуу болушкан. Бирок актёр 2014-жылы бул жубайы менен да ажырашып, ошол эле жылы актриса Кристина Бродская ага кыз төрөп берген.

Уулдары Матвей жана Корней менен

Жубайы Кристина, кызы София менен

23-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
23.08.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактаптырда камалбаса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: