super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-АВГУСТ: Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева 67 жашка толду

 

Мамлекеттик ишмер, дипломат, укук коргоочу, философия илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана КМШдан чыккан алгачкы президент айым Роза Отунбаева 67 жашка толду. Ал 1950-жылы 23-августта Ош шаарында туулган.

Роза Отунбаева Орусиянын М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. 1975-1981-жылдары Кыргыз улуттук университетинде доцент, диалектикалык материализм кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
1986-1989-жылдары Кыргыз Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеп кийин СССРдин Тышкы иштер министрлигинин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын төрайымы болот. 1991-жылы эгемендүүлүк алган Кыргыз Республикасына келип өлкөнүн вице-премьери, тышкы иштер министри кызматтарын аркалаган. Роза Отунбаева Кыргыздын АКШ, Канада, Улуу Британия жана Ирландиядагы биринчи элчиси болуп иштеген.
2002-2004-жылдары БУУнун Баш катчысынын Грузиядагы атайын өкүлүнүн жардамчысы болот. Ал Кыргыз жерине кайтып келип 2004-жылы "Ата Журт" оппозициялык кыймылынын тең төрагасы, 2007-жылы Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, 2009-жылы парламенттеги оппозициялык фракциянын башчысы болгон.
2010-жылы Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн башчысы, Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин төрайымы болгон. 2010-жылдын июль айынан тартып 2011-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын өткөөл кездеги президенти болгон. 2011-жылдан бери өзү негиздеген "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондун жетектеп келет.
23-августтун жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.08.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куттуктайбыз.дагы 67 жылдык омур берсин
23.08.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен бүгүн балалуу болдум))
23.08.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
TIMON_BERKOWITZ,сиздида куттуктайбыз омуру узуун ыймандуу кыргыз элине кызымат кылган балдардан болсун.
23.08.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
отунбанва десенер 11-июн эске келет
23.08.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлогондо бул жакта туруп мен кыйгалып кетем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: