super.kg logo

Соттолуп жаткан Райкан Төлөгөнов СИЗОдогу абал боюнча журналисттерге айтып берди

 

Мародёрчулук боюнча айыпталып кармалган Райкан Төлөгөнов жүздөгөн адамдардын катарында камалып жатканын билдирди. Ал мындай маалыматты бүгүн, 23-августта сот залында журналисттерге берген маегинде айтты.

"Айыпталып кармалган жүздөгөн адамдар менен кошо бир жерде кармалып турам. Мени менен бир камерада 8 адам бар. Алар да ар кандай кылмыштарга айыпталып камалышкан. Биз кармалып турган СИЗОдо берилген тамактарды эч ким жебейт. Үйдөн туугандар тамак алып келип беришет. Ден соолугум боюнча айтсам, журналисттер маалыматтарды чыгаргандан кийин СИЗОнун кызматкерлери тарабынан кыймыл боло баштады. Азыр абалым орто болуп жатат. Бирок ошентсе да дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп турушум керек. Анткени кан басымым азыр бир аз көтөрүлүп турат", - деди Төлөгөнов.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан экс-депутаты Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: