super.kg logo

Бул күздө мода боло турган тырмак жасалгалары, эми тырмактын четиндеги эттер кесилбей кооздолот

 

Күздүн келишине саналуу күндөр калды. Мезгилдин алмашышы менен адамдардын кийинүү стили, образы өзгөрөрү белгилүү. Айымдардын айрымдары бардык мезгилде тырмактын жасалгасына чоң маани берүүгө көнгөн. Тырмактын кооздугун көңүлдөн сырт калтырбаган айымдарга мода дүйнөсүн чагылдырган чет элдик басылма күздө мода боло турган тырмак жасалгаларынын тизмесин түздү.

Логомания - ар кандай тамга, белгилер тартылган жасалга. Жасалганын өзгөчөлүгү - өзүңүзгө жаккан түс менен каалаган тамгаңызды, белгиңизди, жадакалса сүйүктүү брендиңизди түшүрүп алсаңыз болот.

Гүл жасалгасы - күздүн дагы бир тренди. Былтыркы күздө гүлдөрдү, оймо-чиймелерди күрмөлөрдөн, бут кийимдерден көрө алсак, бул күздө тырмакка гүл тартуу кайрадан модада болот. Кандай жасалганы тандоону билбей жатсаңыз анда үйүңүздөгү эмеректерге, туш кагаздарга түшүрүлгөн оймо-чиймелерге, сүрөттөргө көз салыңыз.

"Таза" тырмактар. Christian Dior, Valentino жана Céline мода үйлөрүнүн кийим көргөзмөлөрүн жарыялап чыккан моделдердин тырмактары боёлбогон, эч кандай жасалгасы жок экендигин көпчүлүк байкаса керек. Эгерде сиз дагы эч кандай жасалганы каалабасаңыз жөн гана тырмактарыңызды иретке келтирип, кааласаңыз түссүз лак менен боёп алсаңыз ашыкча болбойт.

Минимализм - жасалганын бул түрү геометриялык фигуралардын сүйүүчүлөрү үчүн. Табитиңизге жаккан түс менен ар кандай фигураларды тартып алсаңыз болот. Бир гана эреже - тырмактагы фигуралардын саны экиден ашпаганы оң.

Тырмактын четиндеги эттерге болгон акцент. Эң башкы тренд болуп тырмактын четиндеги эттерге жасалган кооздук. Мурда ал эттерди кесип жок кылсак, күзүндө тескерисинче ага кам көрүп түстүү боёкторго боёп, ай сымал чаптагычтар менен жасалгаласаңыз болот. Эң негизгиси мындай жасалга саркеч, жөнөкөй жана аз гана убакытты талап кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
24.08.2017. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тырмак остуруу шариятка туура келбейт экен, Себеби, тырмак оскондо тырмактын алдына шайтандар жашашат деген маалымат окудум.
24.08.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен
10.09.2017. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эттерди кооздойт экенбиз да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: