super.kg logo

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун тапшырмасы менен ажырашып кеткен 948 үй-бүлө элдешти

 

Ушул жылдын июль айынын башында Чеченстандын мамлекет башчысы Рамзан Кадыров ажырашкан жубайларды элдештирүү тапшырмасын берген. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, өлкө башчысынын айтканын ишке ашырууга атайын түзүлгөн комиссия жана дин кызматкерлери тартылган.

Грозный шаарынын үй-бүлөлүк мамилелерди турукташтыруу штабынын катчысы Расул Успанов ажырашып кеткен жубайлардын кайра жарашууга аз да болсо көңүлү болсо, элдештирүү үчүн ата-энелерди да аралаштырышарын айткан.

"Кээ бир учурда ак сакалдардын кеңешин угууга туура келет. Мындай аракеттердин натыйжасында аялы ажырашкандан кийин башкага үйлөнүп алган күйөөсүнө кайтып, экинчи аял болуп жашап калгандар да бар", - деген Успанов.

21-август күнү жергиликтүү телеканалдардын бири ажырашкан 948 үй-бүлө кайра элдешкенин жарыялады. Жаңылыктарда Чечен мамлекетинин диний байланыштар жана коомдук уюмдар департаментинин директору Рустам Абазов өлкө башчысы берген тапшырма так экенин жана аны аткарууда эч кандай маселелер, кыйынчылыктар жаралбагандыгын айткан. Мындан сырткары ал мындай программа дүйнө жүзүндө бир да мамлекетте жок экенин белгилеген.

Маалыматта айтылгандай, кээ бир аялдар мурунку күйөөсүнө балдарым атасы менен чогуу болсун деген ойдо гана кайтып жатышат. Жергиликтүү жашоочулардын арасында бул тапшырманы сындагандар да бар.

Грозный шаарынын Барият аттуу жашоочусу: "Менин ажырашканыма 12 жыл болду, мага азырынча комиссия кайрыла элек, эгерде кайрылса мен элдешүүдөн кескин түрдө баш тартам. Анткени бул адамдардын укугун кордогондукка жатат", - деген оюн айткан.






Ажырашкандар Рамзан Кадыровдун буйругу менен жарашышууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
23.08.2017. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Рамзан Кадыровго АЛЛА раазы болсун!
Канча деген сооп иш!
23.08.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Респект!
23.08.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жакшы адамдар коп болсун
23.08.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизге дагым ыймандуу башчыны Алла насип кылган болсун.
23.08.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ХХХХ ХХХХ. Рамзан бирок жакшы иштерди жасаптыр,азамат жигит.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-24 10:21:23
23.08.2017. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ulantay,Койчу э,глава Кыргызской Республики деп деле айтышат.Президент деп деле айтса болот.
24.08.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulantay, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
23.08.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кана биздин төбөлдөр ошондой иштерди жасашса. Өздөрүнүн көмөчүнө гүл тарткандан башкага жарашпайт,бири дагы.
Биздикилер бийлике жетсе,пара алып чөнтөктөрүн толтурса эле болду. Анан теледен же башка СМИлерге берген интервьюларын окуп төбө чачың тик турат,неужели ушундай иштеп калышты деп!!!
23.08.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшыго канчалаган уй було кайра жарашып калышыптыр
24.08.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин төбөлдөр Рамзан Акматовичтен үлгү алса жакшы болмок. Алла ыраазы болсун бул кишиден. Эли үчүн көп кызмат кылды.
24.08.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рамзан Кадыровду колдоп эле калдынар бул туура эмес! Мамлекеттин ичинде эмне болуп жатканын билбеген сон! Ал жакта элди катуу кысымга алып,мажбурлап ушинтип жатат.Ар бир адам бактылуу,тынч жашоого татыктуу! Бироонун буйругу менен жашоо бул кысым корсоткондук! Телевидение,соц сеттердеги маалыматтар ар дайым эле туура эмес!!! Ал элдин козун боегону, чыныгы грозныйдын жашоочулары оздору тарткан видеолорду коргуло анан тушуносунор,пенсионерлер акыркы акчасын жол курдурууга жумшап жатат.
24.08.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок Исламды жамынып алып бул кылган иши туура эмес! Рамзан туш келген моделдерди 2-3 аялдыка мажбурлап алып жатат, ооба мумкунчулугу бар бакканы бирок ал кыздар аны каалабай жатса бул эмне дегендик? Жалган коз боемочулук кылгандарга ишенбейли кыргыз элеим .Бул жеке оюм,туура тушуносуздор деген ойдомун,а то ичим куйуп кетти ал жакшы десенер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: