super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Айсулуу Тыныбекова жарым финалда тунистик балбанга жеңилип, эми коло медаль үчүн күрөшөт

 

Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун кыз-келиндер арасындагы беттешинде Айсулуу Тыныбекова жарым финалда тунистик балбан менен күрөшүп 8:7 эсебинде жеңилип калды.

59 килограмм салмак чениндеги мелдештин жарым финалында Айсулуу Тыныбекова тунистик Марва Амриге туш келген. 1-бөлүктүн жыйынтыгында Кыргыз балбаны 0:2 эсебинде жеңилип калган. Ал эми 2-бөлүктө Айсулуу Тыныбекова 6 упай топтоп, 6:4 эсеби менен жеңип келе жаткан. Бирок беттештин акыркы 1 мүнөтүндө Марва Амри 4 упайлык чабуул жасап эсепти 6:8ге айлантты. Күрөштүн акыркы 10 секундасында Айсулуу Тыныбекова жеңүүчү болгонго аракет жасаган, бирок 1 упайга гана ээ болуп атаандашы финалга жолдомо алды.

Эми Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн украиналык Ирина Харив жана кытайлык Нингнинг Ронг экөөнүн беттешинин жеңүүчүсү менен күрөшөт.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайону, жарым чейрек финалда германиялык Лаура Мертензди жеңип алган.

Ал эми 75 килограммга чейинки салмак ченинде Айпери Медет кызын жеңип алган беларусь спортчусу Василиса Марзалюк финалга чыкканынан улам Кыргыз балбаны коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттеште күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды.

Айта кетсек, Айпери Медет кызы жарым чейрек финалда беларусь спортчусу Василиса Марзалюк менен кез келген. Беттештин жыйынтыгында Василиса Марзалюк Айпери Медет кызына мүмкүнчүлүк бербей 6:0 эсеби менен жеңип кеткен. Кыргыз балбаны буга чейин кореялык Намжу Хё менен күрөшүп 3:0 эсеби жеңишке жеткен.

Назира Марсбек кызы 55 килограммга чейинки салмак ченинде казакстандык Марина Седневага туш келген. Анда Казак спортчусу 12:1 эсеби менен Назира Марсбек кызын жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
23.08.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каап.. Бир эле упай айырмасында утулган кандай өкүнүчтүү. Эми коло медалды утуп алышына ишенебиз. Ийгилик!
23.08.2017. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч нерсе эмес Айсулуу. Сенин келечегиң алдыда. Конулун чоктурбо. Сен мындан дагы коп ийгиликтерге жетишесиң. Кыргыз эли дайыма сени менен!!!
23.08.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Финалга энергия сактап олтуруп женилип калдын карындашым.
Негизгиси буйрук. 10секунда убакыт болгондо жениш биз тарапта болмок. Ийгилик!!! Эркек башым менен, мекен учун, сенин денгээлинде кызмат кыла элекмин. Оркунун оссун.
23.08.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
женишин кутуп аттым эле.
23.08.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан коробуз уландысын айтып коюнуздар сураныч.
23.08.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спортто женилуу да болот, бугун женилсен эртен женесин, келечегин алдыда карындашым !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: