super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Айпери Медет кызы көңүл жубатуучу беттеште канадалык балбанга жеңилип, коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүгүн жоготту

 

Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун кыз-келиндер арасындагы көңүл жубатуучу беттеште Айпери Медет кызы атаандашына жеңилип, коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүгүн жоготту.

75 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз балбанын жеңип алган беларусь спортчусу Василиса Марзалюк финалга чыкканынан улам, Айпери Медет кызы көңүл жубатуучу беттеште канадалык Жустина Стасио менен күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган. Беттештин башында канадалык спортчу 2 упайга ээ болуп алдыга чыгып кеткен. Беттештин 1-бөлүгү 4:4 эсеби менен жыйынтыкталды. 2-бөлүктө канадалык Жустина Стасио дагы 2 упайга ээ болуп Кыргыз балбанга коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк берген жок.

Буга чейин Айпери Медет кызы жарым чейрек финалда беларусь спортчусу Василиса Марзалюктан 6:0 эсебинде жеңилип калган. 1/16 финалда Медет кызы кореялык Намжу Хё менен күрөшүп 3:0 эсеби менен жеңишке жеткен.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова жарым финалда тунистик Марва Амри менен беттешип 8:7 эсебинде жеңилип калган. Эми Тыныбекова коло медаль үчүн кытайлык Нингнинг Ронг менен күрөшөт.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайону, жарым чейрек финалда германиялык Лаура Мертензди жеңип алган.

Ал эми Назира Марсбек кызы 55 килограммга чейинки салмак ченинде казакстандык Марина Седневага туш келген. Анда Казак спортчусу 12:1 эсеби менен Назира Марсбек кызын жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.08.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээх капа болбогула бугунку женилуу мн жашоо бутбойт дагы алдыда кооп жеништер кутуп турат кудай буйруса баары жакшы болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: