super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-АВГУСТ: Кыргыздын алгачкы космонавты Салижан Шарипов 53 жашка толду

 

Кыргыз Республикасынын алгачкы космонавты, Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Баатыры Салижан Шарипов 53 жашка толду. Ал 1964-жылы 24-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында жарык дүйнөгө келген. Өзгөн шаарындагы Фрунзе атындагы мектептен билим алган. Украинанын Харьков шаарындагы жогорку аскердик-учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Окуусун аяктаган соң мекенине кайтып келип, Токмок шаарындагы окуу-машыгуу полкунда эмгек жолун баштаган.

1990-жылы космонавттарды даярдоо борборунда - "Жылдыздар шаарчасында" татаал даярдык окуунун баскычтарынан өтүп, сыноочу-космонавт жана инженер-эколог кесибине ээ болот. Кийинчерээк Шарипов атайын тандоодон өтүп, АКШдагы Лондон Жонсон атындагы учкучтарды даярдоо борборунда америкалык кесиптештери менен бирдикте "Спейс-шаттлдын" космостогу системин толугу менен өздөштүргөн. 1998-жылы 22-январда Канаверал тумшугунан америкалык-орусиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан “Шаттл STS Endeowor” космостук кемеси менен Орусиянын 88, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп космоско учкан. Салижан Шарипов космостон "Шак” деген ысым алган.
Космос тууралуу ал: "Космоско учууну мен ар бир адамга каалаар элем. Андагы сезимдерди сөз менен түшүндүрө албайм", - деп келет.
Ошондой эле ал маалымат жыйындарынын биринде: "Космостогу планетанын өкүлү катары Жер шарында жаратылышы кооз, адам баласынын колу тие элек жерлер абдан көп экенин айткым келет. Ошондой кооз жерлердин бири Ысык-Көл болуп саналат. Көптөгөн космонавттар көлдү жакшы көрүшөт. Келип эс алып кетишет. Ысык-Көлдүн формасы космостон жылмаюуга окшоп көрүнөт", - деп айткан.
Салижан Шарипов 2004-жылдын 14-октябрынан 2005-жылдын 25-апрелине чейин "Союз ТМА-5" кемесинин командири катары 2-ирет космоско учкан. Космонавттын бир уул, бир кызы бар.
24-августка карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: