super.kg logo
  Саясат  

ЖКда "2011-жылга карата бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

Парламенттин 23-майдагы жыйынында “2011-жылы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, депутаттар арасында талаш-тартыш жаралды. Айрым депутаттар 2011-жылдагы отчётту бүгүн талкууга алуу керектигин айтышса, башкалары буга каршы болду. Төрага Асылбек Жээнбеков бул мыйзам долбоору 2-окууда да карала тургандыгын айтып, “ошондо каалаган суроолоруңарды берип, талкууга алсаңар болот, комитеттерде да карасаңар болот”,- деди. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: