super.kg logo

Лейлек районундагы рейд учурунда өз алдынча соода-сатыкка аралашкан 18 өспүрүм аныкталды

 

Ушул жылдын 16-18-август күндөрү Лейлек районунда "Кайырчы" жана "Түнкү өспүрүм" аталышындагы рейд жүрдү. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, иш-чаранын максаты жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы ыкчам кырдаалды оңдоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо.

"Рейддин натыйжасында Лейлек районунун аймагында жашаган 24 өспүрүм түнкүсүн ата-энесинин коштоосу жок өз алдынча көчөлөрдө жана интернет клубдарда жүргөнү аныкталды. Андан тышкары рейд учурунда базарларда өз алдынча соода-сатыкка аралашкан 18 өспүрүм аныкталып, кароосуз жүргөн 6 өспүрүм табылган. Аныкталган фактылар боюнча өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине чара көрүү үчүн чогултулган материалдар Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын кароосуна жиберилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
24.08.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каникулда бекер уйдо жатат Ата энесине жардам да кичине болсо да
24.08.2017. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жыргаганынан соода кылып журмок беле. Ал дагы жетишпеген жашоонун кесепети. Биринчи жашоо шарт кандай деп рейд жургузуп анан балдар эмнеге базарлап журот деп ойлонгулачы. Жашоо учун курошкон байкуштарды жон эле кармай бербей!
meku89 түзөттү 2017-08-24 09:23:00
24.08.2017. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кылмышкер кармагандай кылышыптыр го. Ойноп жургондорду кармаса мейли соода кылып ата энесине уй булосуно жардам бергендерге жардам берип шарт тузгондун ордуна тыюу салып кармагандарына мен таптакыр кошулбайм. Макул ошончолук тыят экен, алар уйдо отурушсун булар жардам беришсин
24.08.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ёпрст... булар жардам берип атпайбы?! Күндүз иштегендин эмнеси жаман?
24.08.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
newman, КР Административдик кодексте эмне учун анда корсотулгон, жашы жете элек оспурум иштоого мумкун эмес деп, + еще иштеткен адам да жообко тартылат!
24.08.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбосо законду эмнеге чыгарышкан
24.08.2017. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lunatena,сен алгач ошол соодада жүргөн баладан эмнеге минтип жүрөсүң деп сурап көрчү эмне деп жооп берер экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: