КСДП өкмөттүн курамын түзүү маселесин карап баштады. Сапар Исаков премьер-министр болууга жетиштүү добушка ээ боло аларын айтты



Бүгүн, 24-августта Жогорку Кеңештин имаратында КСДП фракциясынын отуруму жабык эшиктин артында өтүүдө. Жыйынга журналисттер киргизилген жок.
Фракциянын лидери Иса Өмүркулов бул иш-чарада премьер-министрликке Сапар Исаковдун талапкерлиги, өкмөттүн жаңы курамы карала турганын билдирди.
Депутат Рыскелди Момбеков биринчи вице-премьер-министрликке Дүйшөнбек Зилалиев менен Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги караларын айтты.
Жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков да катышууда. Ошондой эле Сапар Исаков, Дүйшөнбек Зилалиев, Толкунбек Абдыгулов жана өкмөттүн парламенттеги өкүлдөрү келишти.
Сапар Исаков SUPER.KG порталына премьер-министр болуу үчүн парламенттен жетиштүү добушка ээ болоруна ишенерин билдирди.
Сапар Исаков премьер-министр боло турганына ишенерин айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
-3

