super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте "Балдар, абайлагыла!" аттуу унаа жүрүшү болду

 
ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын кызматкери Тилек Оторов
"Балдар, абайлагыла!" аттуу унаа жүрүшүнүн башталышы
Жүрүш учуру. Байтик баатыр көчөсүндө...
Мына ушундай жазуулар менен унаа жүрүшү өттү
Жүрүш шаардыктардын көңүлүн бурду
Үн күчөтүүчү жабдык менен ата-энелерге жана айдоочуларга жол эрежесин сактоо тууралуу эскертүү берилип жатты
Жүрүш шаардыктардын көңүлүн бурду
Унаа жүрүшүн "Тез жардам" кызматы да коштоп жүрдү
Мектеп окуучулары ушул унаа менен шаар аралап жүрүштү
Жаш инспектор
Жүрүш борбордук "Ала-Тоо" аянтына токтоп, ал жерде кыска акция өттү
№1-мектеп гимназиясынын окуучулары
Жаш инспектор Дауд
Панфилов атындагы сейил бакта жаш испекторлорго балмуздак таратылды
Унаа жүрүшү Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде

23-майда Бишкекте “Балдар, абайлагыла!” аттуу унаа жүрүшү болду. Айта кетсек, бул акция балдардын жол кырсыгына кабылышын азайтуу, жол коопсуздугу боюнча ата-эне жана айдоочуларга эскертүү берүү максатында уюштурулду. Жүрүш борбордогу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын имаратынан башталып, Байтик баатыр, Абдырахманов, Чүй көчөлөрү, борбордук "Ала-Тоо" аянты, Абдымомунов, Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрүнөн өттү. Иш-чарага шаардагы бир катар мектептердин 8-классынын окуучулары, жаш инспекторлор катышты. Аталган мекеменин кызматкери Тилек Оторовдун айтымында, мындай акциялар кырсыктын алдын алууга жардам берет. “Акция жылына 2 ирет өткөрүлөт. Иш-чарага сөзсүз мектеп окуучулары да катышып келет. Бардык жаш өспүрүмдөргө, ата-эне жана айдоочуларга “жолдо этият болгула!” деп айтар элем”,- деди Тилек мырза. Жүрүш учурунда мектеп окуучуларына бекер балмуздак таратылды.

Айта кетсек, Бишкекте 4 ай ичинде 764 жол кырсыгы катталып, 31 адам каза таап, 961 адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Жаш балдар катышкан 136 жол кырсыгы катталып, 1 өспүрүм көз жумган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: