super.kg logo

Аида Салянованын соту 29-августка жылдырылды

 

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон иш боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө сот Кубанычбек Касымбеков 7 томдон турган материалдардын 3 томун окуп бүттү.

Айыпталуучунун жактоочусу Чынара Жакупбекова эртең жана биринчи күнү Өмүрбек Текебаевдин апелляциялык арызы менен алек болорун айтып, ишти кароону башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирди.

"Мен эртең жана биринчи күнү келбейм. Эмне, Текебаевдин ишине тоскоолдук кылгыңар келип жатабы? Башка күнгө жылдырыңыз", - деди жактоочу.

Сот тараптардын пикирлерин угуп, ишти кароону 29-августка жылдырды.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: