super.kg logo
  Саясат  

"Республика-Ата Журт" өкмөттүн курамын өзгөртүүгө каршы добуш берүүнү чечти

 

Эртеӊ, 25-августта парламенттин кезексиз жыйынында жаӊы өкмөттү шайлоо күтүлүүдө.

Жогорку Кеӊештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы өкмөт курамын өзгөртүп жаӊы премьер-министр шайлоого каршы. Аталган фракциядан депутат Таабалды Тиллаевдин SUPER.KG порталына айтканына караганда, жаӊы өкмөт шайлоодо "Республика-Ата Журттун" депутаттары каршы добуш берүүнү чечишти.

"Өкмөттү жаӊыдан бекитүү - президенттик шайлоо алдындагы саясий оюн болуп жатканы жаш балага деле көрүнүп турбайбы. Талапкерлерге кол чогултууда аймактарда "бийликке иштейсиӊер" деп мамлекеттик кызматкерлерди мажбурлашканын көрдүк. Элдин өзүнүн тандоосуна коюш керек эле. Президент буга чейин шайлоо таза өтөрүн айтып келген, андай болбой калышы мүмкүн. Өкмөттүн курамынын алмашып, жаӊы премьер-министрдин дайындалышы алдыдагы шайлоого таасирин тийгизет. Административдик ресурс колдонулушу мүмкүн. Ошондуктан каршы болуп жатабыз. Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып жатып азыркы өкмөт мыкты экенин айтып мактады. Демек, ушул эле өкмөттүн курамы калып, премьерликке вице-премьерлердин бирин дайындаса болмок", - деди Тиллаев.

КСДП партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков 21-августта отставкага кеткен. Жогорку Кеӊештеги коалициялык көпчүлүк премьер-министрлик кызматка Сапар Исаковдун талапкерлигин көрсөтүүдө. Ошондой эле парламентке өкмөттүн курамын өзгөртүү сунушталат. Сапар Исаков ушул тапта президенттик аппараттын башчысы кызматын аркалайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: