super.kg logo
  Саясат  

Үч талапкер президенттик жарышка катышуудан баш тартты

 

Бүгүн, 24-августта Бишкекте "Улуттук Улуу кеңеш" уюмунун жыйынында 3 талапкер президенттик шайлоого аттануудан баш тартканын билдиришти. Алар саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, ишкер Алмазбек Каримов жана пенсионер Замира Муратбекова.

Алар жыйында "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана экс-депутат Садыр Жапаровго карата чыккан сот өкүмдөрү саясий буйрук экенин айтышты. Ошондой эле президенттик шайлоо таза өтө турганына күмөн санай турганын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиянын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына азырынча бул талапкерлерден шайлоого катышуудан баш тартканы боюнча арыз түшө элек экенин билдирди.

Учурда президент болом деген талапкерлердин 44ү гана калды. Шайлоо 15-октябрга белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: