super.kg logo

"Сентябрь" телеканалын жабуу чечимине байланыштуу Жогорку Кеңешке кайрылуу жасалды

 

Бүгүн, 23-августта 7 бейөкмөт уюм жалпыга маалымдоо каражаттарына карата болуп жаткан куугунтуктоолор токтотулсун деген талап менен Жогорку Кеңештин депутаттарына ачык кайрылуу жасашты.

Кайрылууда бийликтин ЖМКларга кысым көрсөтүүсү өлкөдөгү сөз эркиндигине жасалган кысым экени, мурдагы эки революция да мына ушул сөз эркиндигине болгон кысымдан улам келип чыкканы айтылат.

"Өлкөдөгү эң эле маанилүү окуя, президенттик шайлоонун алдында элге альтернативдик маалыматтарды жеткирип, орчундуу саясий окуяларды чагылдырып турган "Сентябрь" телеканалын жабуу, жарандарды эркин маалымат булактарынан ажыратып, жарандык жана шайлоо укугун бузуу. Телеканалдын чагылгандай тездик менен жабылуусу учурда көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына саясий куугунтук болуп жатканынын белгиси. Андан сырткары телеканалды "түз эфирде экстремистик билдирүү айтылган" деген доо менен жаап салуу ЖМКлар тууралуу мыйзамды бузуу болуп эсептелет.

Мындай мыйзам бузуу менен жасалган аракеттер элди бийликке каршы чыгуусуна мажбурлайт. ЖМКларга куугунтук жасалып, басым, коркутуу аркылуу өткөн шайлоо демократиялык жана мыйзамдуу болуп эсептелиши мүмкүн эмес. Шайлоого бир ай калганда эркин ЖМКларды жабуу бийликтин зордук менен болсо да президенттин мураскерин алга сүйрөөгө аракет кылып жатканынан кабар берет. Президенттик шайлоодо Кыргыз өлкөсүнүн келечеги чечилет. Жогорку Кеңеш ыйгарым укуктуу мамлекеттик түзүм катары таза, ачык шайлоо өтүүсүнө жоопкер. Ошондуктан Жогорку Кеңештен учурда ЖМКларга болуп жаткан куугунтуктарды тез арада токтотууну талап кылабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 22-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Сентябрь” телеканалына карата прокуратуранын доо арызын канааттандырып, аталган каналдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Буга 2016-жылдын 29-сентябрында Ош ОИИБинин мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун түз эфирдеги сүйлөгөн сөзү негиз болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
24.08.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сентябрь каналын жаап койгону менен элдин оозун жаба алышпайт. Бул кундор да отот тарых таразалайт,элдин эсинде баары сакталат эч ким,эч качан унутулбайт. Жакшы адамдарды жылмайуу менен эскерсе,ал эми жаман адамдар жек коруу менен эстелет,жана ошондой эле андай адамды куттуу жерге кеп кылба деген да мезгил келер.
24.08.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туз эфирде деп айтып атпайбы ал жерде кокустан айтылган, атайы тартып алып чыгарган жок да Акыйкат кайдаааа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: