Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова монголиялык балбанга жеңилди






Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешине чыгып, монголиялык балбанга жеңилди.
Мээрим Жуманазарова 69 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, 1/16 финалда монголиялык Насанбурма Очирбатка туш келген. Беттештин жүрүшүндө 28 жаштагы тажрыйбалуу монголиялык балбан 4:1 эсеби менен мекендешибизди жеңип алды.
Эске салсак, Мээрим Жуманазарова Финляндияда өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалын жеңип алган. Ошондой эле Кытайдын Тайбэй шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда чемпион болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.