super.kg logo

Алмазбек Атамбаев: "Илбирсти аткан кыргыз өз элин аткан маңкуртка барабар"

 

Бүгүн, 25-августта Бишкекте мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында "Ак илбирсти жана анын экосистемдерин сактоо" деген темада эл аралык форум өтүүдө. Форумдун жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев ак илбирсти коргоо боюнча чет элдик конокторго ыраазычылык билдирип, Кыргыз өлкөсүн байырлаган ак илбирстер кыргыз элинин бир бөлүгү экенин айтты.

"Байыркы кыргыз ак илбирске өзгөчө мамиле жасап, кыргыз элинин колдоочусу катары көрчү. Улуу кыргыз каганатынын негиздөөчүсү, биринчи каганыбыздын аты да Барсбек деп бекеринен коюлган эмес. Алтай тектүү элдерден татарлар менен башкырлар да "барс" деп аташат. Байыркы кыргыздар "барс" дебей "ил" менен "илбарс" дешчү. Бара-бара илбирс деп аталып калган. Илбирс ыйык жаныбар! Илбирс элибиздин бир бөлүгү, айланайын кыргыздар, илбирсти аткан өз элин аткан маңкуртка барабар! Илбирстин терисин саткан кыргыз өз жерин саткан акмакка барабар! Кыргыз элинде эч ким, эч качан илбирске кол көтөрбөсүн", - деди Атамбаев.

Андан соң форумга карата Бириккен улуттар уюмунун башчысы Антониу Гутерриштин видеокайрылуусу көрсөтүлдү. Эл аралык деңгээлде Бишкекте өтүп жаткан форумга Ооганстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индиядан келген өкүлдөр, ошондой эле 50гө чукул чет элдик журналисттер катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(13)
25.08.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Оз элин каматкан эмнеге барабар болду экен? Атамбайыптан сурагылачы
25.08.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Оз элин каматкан эмнеге барабар ошондо? Айтып койбойбу
25.08.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Өзүңү билип алчы деген киши жок буга. Тарыхта бир да преңиденттин жакшы аты калбаганы өкүндүрөт.
25.08.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ошондо Барсбек Илбирстен мурун жаралганбы?
Барс акамдин атына коюлган жаныбар болуп калабы?
25.08.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Анда Жолборс не болот?
Жоли деген да кыргыз болгонбу?
25.08.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Туура илбирсти сакташ керек
25.08.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Текени атканчы
25.08.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
AKTILEK89, хахаха жардын.)))
25.08.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Оз элин кайдагы бироонун созуно кирип каматкан телеканалдарды жаптырып журналистерди соттоткон соз эркиндигине каршы чыккан акча доо кылган бироону жамандаган созуно турбагандарда манкуртчулук болот ошону унутпайлык.
25.08.2017. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Azatbek83,туптуура 100% кошулам. Эч нерсени далилдей албай, кучко салып камап коюп, УКМКнын кызматкерлерине батир бергенине жол болсун. Эмнеге?.... Текебаевди камап бергенинин акысы го
25.08.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Azatbek83, моралдык жактан зыянга учурадым деп, миллиондогон акча ондургонучу. Анан ал акчаны баатыр болуп, оз фондунан дегеничи??? Ким ишенет? Ким сыйлайт? Текебаевтин оордугу билинди окшойт. Жаны окмот жыргатпайт, жогорку бутакта СДПКнын толук козомолуно отуп, коп маселе алар учун камырдан кыл сууругандай эле болот. Элим,
азырда кеч эмес, арканды узун таштайлы...
25.08.2017. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алмазбек Шаршенович илбирсти атып терисини саткандар манкуртарга барабар дейт.Ошол илбирсти атып терисин саткандарга кимдер шарт тузуп берип жатат.Албетте сиздин бийликтеги акча учун илбирсти эле эмес оз жерин саттууга кызыкдар мамлекеттик чиновниктер айыптуу.Бизде илбирсти атууга мыйзам жол бербейт бирок бул мыйзам карпайым элдерге эле учун.Бирок коррупционер чиновниктерге ал мыйзам иштебейт.
26.08.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оз элин канын жанын алган кыргызга куйгон жигиттерин камаган манкурттанба айрымасы жок бир пенде барда кыргызда ал адам кандай болот экен а???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: