Көк бөрү: Кыргыз улакчылар АКШ курамасын 11:6 эсебинде жеңип алды. Эми финалда Казакстан курамасы менен ойнойт

Учурда Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз улакчылары АКШ курамасын 11:6 эсебинде жеңип алды.
Оюндун башталышында Таштемир Замирбек уулу эсепти ачты. Эсеп 1:0.
3-мүнөт: Кыргыз курамасы эсепти 2:0 кылды;
5-мүнөт: Эсеп 3:0 Кыргыздар алдыда;
7-мүнөт: Карыпбек Эшиев эсепти 4:0 кылды;
10-мүнөт: Кыргыз улакчылар атаандаштарына мүмкүнчүлүк берди. Эсеп 4:1;
12-мүнөт: Жолдошбек Орозбаев муляжды алып атаандашынын чийинине таштады. Эсеп 5:1;
14-мүнөт: АКШнын улакчылары Кыргыздардан калбай муляжды чийинге таштоодо. Эсеп 5:2;
17-мүнөт: Урмат Раушан уулу эсепти 6:2 кылганга үлгүрдү;
19-мүнөт: Америкадан келген ковбойлор эсепти 6:3 кылды.
Оюндун биринчи бөлүгү аяктап, улакчылар тыныгууга кетишти.
24-мүнөт: Кыргыз улакчылар америкалыктардын коргоонусун алдап өтүп эсепти 7:4 кылды;
26-мүнөт: Анарбек Сейитбек уулу 8-голду жаратты. Эсеп 8:4;
29-мүнөт: АКШ курама командасы мүмкүнчүлүк менен пайдаланып эсепти 8:5 кылды;
32-мүнөт: Аскат Батырбек уулу атаандаштарын аралап өтүп эсепти 9:5 кылды;
36-мүнөт: Ковбойлор Кыргыз улакчыларына жооп кайтарып эсепти 9:6 кылды;
37-мүнөт эсеп 10:6. Кыргыз улакчылар алдыда келе жатат;
39-мүнөт: Нуржан Мелисбек уулу эсепти 11:6 кылды.
Оюн аяктады. Кыргыз курама командасы 5 турдун жыйынтыгында мыкты ойноп, бардык атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жетти. Алар Монголия курамасын 4:0 эсебинде, Өзбекстан курамасын 11:2 эсебинде, Түркия курамасын 13:3 эсебинде жана Тажикстан курамасын 15:2 эсебинде жеңип алды.
Эми Кыргыз улакчылар 27-августта Казакстан курамасы менен финалда күч сынашат.

Учурда, Астана шаарында Көк Бөрү оюну боюнча дүйнөлүк мелдеш өтүп жатат. Кыргызстан курама командасы жеңиш менен келе жатат. Финалда Казакстан курама командасы менен беттешип, ага Нурсултан Назарбаев өзү келип катышмай болуптур.
Кыргыз командасынан жеңилип калууга көзү жеткен Казакстандын бийлиги "Көк Бөрү" федерациясынын президенти Икрам Илмиянов менен сүйлөшүп, "силер
Казак боордоштор жеңишти, улуттук намысты колдон чыгарбайлы деп аракет кылып жатыптыр. Икрам Илмиянов Кыргыз көк бөрүчүлөргө ар бирине 5000$ доллардан сунуштап, жеңилип бергиле деген экен, намыстуу жигиттер көнбөй коюптур. "Көк Бөрү" федерациясынын вице-президенти Жыргал Саматов дагы каршы чыкканы маалым болду.
Бул, гараж менен рулдан башканы билбей жүрүп, эми Атамбаевдин "чемоданына&qu
Эми күтө туралы, эгерде Кыргызстан командасы утулуп калса, анда Икрам Илмиянов сатылган экен деп билгиле.
экообуздой эместа.Азыр Икрам не
Деседа баарына макул болуп
Турган убагы
Акча табылат намыс керек
Казактар бирок жузу жок болот
Кандай кунго калса да акчаны албоого тырышсын