super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште оппозициянын суроолорун кыскартуу аракети болуп жатат

 

Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында өкмөттүн курамы жана программасы каралууда. Анын жүрүшүндө оппозициялык фракциялардын суроолорун кыскартуу аракети болду.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамов өкмөт мүчөлүккө талапкерлерге суроо берүүгө көп депутаттар жазылганын жана суроолор кайталанып жатканын айтып, ар бир фракциядан 2 депутатка суроо берүүнү сунуштады.

Аны менен КСДП фракциясынан депутаттар макул болушса, "Республика-Ата Журт" жана "Ата Мекен" фракцияларынан депутаттар каршы чыгышты. Депутат Наталья Никитенко ("Ата Мекен") депутаттарды декоративдик парламент болбоого чакырды. "Ар бир депутаттын артында эл турат. Бизди эл шайлаган. Өкмөт мүчөлүккө талапкерлерге суроолорду коркпой берип, жооп алышыбыз керек", - деди Никитенко.

КСДПдан депутат Мурадыл Мадеминов "эгер кимдир бирөө өзүн декоративдик өсүмдүк деп эсептесе, муну ачык айтсын" деп айтты.

"Республика-Ата Журттан" депутат Мирлан Жээнчороев спикерге кайрылып, депутаттын кадыр-баркына шек келтирүүнү болтурбоону суранды. "Жигиттик намыс болсо, аял кишиден кечирим сурашыңыз керек", - деди Мадеминовго Жээнчороев.

Анын фракциялашы Алтынбек Жунус уулу парламенттеги оппозициянын суроолорун кыскартпоого чакырды. "2 ай эс алдык, өкмөт мүчөлүккө талапкерлерди угуп, суроолорду берели" деп сунуш киргизди депутат.

Жыйынтыгында төрага Чыныбай Турсунбеков 15 мүнөттүк танапис жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: