super.kg logo
  Саясат  

Президент жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн кызматка бекитти

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 26-августта Сапар Исаков жетектеген жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн кызматка дайындоо, мурунку өкмөттүн айрым мүчөлөрүн кызматтан бошотуу жөнүндө буйруктарды чыгарды.

Буйруктарга ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министрдин жана биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруудан бошотулду. Олег Панкратов менен Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик, Арзыбек Кожошов экономика министри кызматынан бошотулушту. Ал эми Акылбек Осмоналиев өкмөттүн аппаратынын башчылыгынан, Бакыт Шаршембиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан бошотулду.

Кызматка дайындалган өкмөт мүчөлөрү:

Толкунбек Абдыгулов – биринчи вице-премьер-министр;

Дүйшөнбек Зилалиев – экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр;

Темир Жумакадыров – коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр;

Чолпон Султанбекова – социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр;

Гүлмира Кудайбердиева – билим берүү жана илим министри;

Таалайкүл Исакунова – эмгек жана социалдык өнүгүү министри;

Нурханбек Момуналиев – өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр;

Эрлан Абдылдаев – тышкы иштер министри;

Түгөлбай Казаков – маданият, маалымат жана туризм министри;

Жамшитбек Калилов – транспорт жана жол министри;

Улан Исраилов – ички иштер министри;

Уран Ахметов – юстиция министри;

Адылбек Касымалиев – каржы министри;

Артем Новиков – экономика министри;

Кубатбек Боронов – өзгөчө кырдаалдар министри;

Талантбек Батыралиев – саламаттыкты сактоо министри;

Нурбек Мурашев – айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри;

Абдил Сегизбаев – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Уланбек Рыскулов – Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Нурбек Абасканов – Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Мирбек Касымкулов – Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: