super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков премьер-министр катары ишке киришти

 

Премьер-министр Сапар Исаков кызматтык милдеттерин аткарууга киришти. Бул тууралуу 26-августта өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Исаковду өкмөттүк аппараттын жамаатына тааныштыруу аземине Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, парламенттеги башкаруучу коалициядагы фракциялардын лидерлери катышкан. Өз учурунда Сапар Исаков ишеним көрсөткөнү үчүн президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңешке ыраазычылык айтып, "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашырууга министрлер кабинети болгон аракетин жумшай турганын билдирди.

Эскерте кетсек, Исаков жетектеген өкмөттү Жогорку Кеңештин депутаттары 25-августта 97 добуш менен шайлашкан. Жаңы өкмөттүн жетекчисин жана мүчөлөрүн кызматка дайындоо боюнча президент бүгүн, 26-августта буйруктарды чыгарды. Исаков буга чейин президенттик аппаратты жетектеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: