super.kg logo

Бишкекте төрт балалуу келин 10 жылдан ашуун убакыттан бери таштандыдан кагаз куту терип жан багат

 

Бишкекте төрт балалуу 25 жаштагы Чолпонай Орунбаева 16 жаштагы иниси менен 10 жылдан ашуун убакыттан бери таштандыдан кагаз куту терип жан багат. Ал мындай тагдырга апасы каза болуп, жолдошу таштап кеткенден кийин туш болгонун SUPER.KG порталына айтып берди.

"Апам каза болгондон кийин мени таякелерим 15 жашымда турмушка узатышты. Жолдошум ата-энем менен жакындарымдын жоктугунанбы жакшы мамиле кылбай кордукту көп көргөзүп жүрдү. Ошентип 4 балалуу болдук. Кенже балам боюмда бар кезде бизден кетип калды. Азыр башка турмушу бар деп угуп жатам. Кыйынчылык учурда мени менен чогуу жашаган иним экөөбүз Бишкектин четиндеги таштандыдан 10 жылдай кагаз куту, баштык, желим бөтөлкө терип сатып, ар кайсы жерде жашап жүрдүк. Азыр иним 16 жашка толду. Таштандынын сасык жытынын таасири тийдиби ооруп калды. Апам менен атам экөө биз кичинекей кезде ажырашып кеткен экен. Учурда атам менен байланышыбыз жок. 2004-жылы апам каза болгон", - деп билдирди Чолпонай Орунбаева.

Чолпонай Орунбаева учурда 25 жашта. Ал Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну. Жашоодон жакындарын жоготуп, караан тутканы балдары менен иниси гана. Балдарынын улуусу 10 жашка чыкса колунда көтөргөн уулу 9 айлык. Учурда борбор калаадагы "Дордой" базарына жакын жерде батирлердин биринде жашайт.

"Ач калбайлы деп кошуналардын же башкалардын килем, паластарын жууп, үйүн жыйнап акча табам. Кээде иш таппай калганда кайыр сураганга туура келет. Күйөөмдүн туугандары бизди карабай койгон. Ар кимден карыз алып карызыбыз 20 миң сомго жетти. Менин паспортум, күбөлүгүм, инимдин күбөлүгү, балдарымдын күбөлүктөрүн магазиндерге күрөөгө коюп азык-түлүк алганбыз. Алдыдагы жашообуз караңгы болуп турат", - деп кошумчалады Чолпонай.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(32)
26.08.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ээх жардам бериш колумдан келсе кана азыр жетип бармакмын..
26.08.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Batma08,Эмне учун келбейт? Келет!
26.08.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жүрөктү ооруткан турмуш, кайран кыргыз элим...
26.08.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Талапкерлер ушуларга жардам берсин, ар кимге добуш бер деп акча бербей.
26.08.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Sagidko88,Концерт коюп ырчыларга жаны улгудогу машина алып бербей де...
26.08.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Админ купуяга же ушул жерге байланыш тел болсо жазып койгулачы сураныч. Рахмат
26.08.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бироолордон милиондорду ондургон.Мактанып мультимиллионермин деген.Жанындагы жугурток ак уйдо олтурган жеп жутаттар президентке аттанып кыйратам дегендер ушул келинге окшогон кыйналгандарга жардам берип уй алып берип жумуш табып берсенер жакшы сооп болмок.
26.08.2017. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чолпонайдын байланыш номуру 0554 848525
26.08.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Аялын бала чакасы менен таштап кеткен эркек эргулдарга катуу чара колдонуш керек. Эң жеңили органдарга донор кылып, акчасына аялына балдарына үй алып бериш керек.
Ал эми жепжутаттар ушул маселени карап, закон кабыл алып коюшса.
Эркектер жоопкерчиликтүү болуп, аял балдарыбызды таштабасак.
26.08.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Курулуп жаткан уйлордон бийлик бир болмолуу батир берип койсо мамлекет андан жарды деле болуп кетмек эмес, анан куйоосун жоопко тартуу керек.
26.08.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Катуу айтсам кечиресинер кудайым ОЗУ кечирсин.Эми мындай да оронбой эле койсо не болот оронуп алып жудоп какап эч жок дегенде уйун жыйынчактуу кармаса болбойбу тошок идиш аягы деле жакшы эле экен бизде баары жетиштуу болсо да андай печка колдонбойбуз акыркы маалда ушинтип айтсак жардам болобу деп эле чыгып жаткандай дени карды соо болгондон кийин балдарын инисине таштап жакшы бир иште иштесин идиш жууп пол жууп дегендей мен майып адамдардын да оор жашоосун коргон усун айтып жатам бул алардын жан
26.08.2017. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
shumkar929292,Оронгону Кудай алдында милдетин аткарып жатканы.
Уйу чачылганына конул бурба,торт бала эмес,2-балан деле уйду бир заматта чачышат,ойношот.
Жакшы оокаттарынын бары,тын экенин белгиси.
Болгону,чарчагандыр,ошого жардам сурап,атат.
Динибизде жесир же ажырашкан аялзатка,балдарына жардам беруу чон соопко ээ болот.
27.08.2017. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shumkar929292, Мен сиздин оюнузга кошулам. Тошоктору, идиш-аягы жакшынакай экен.
27.08.2017. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
shumkar929292,оронгонун айтпай эле кой сен,башкасын сындасан дагы кудайым ыйманына куч кубат берсин,денесин сатып арамдан акча тапканча таштандыдан болсо дагы ырыскысын таап атат Аллах мээримдуу зат, ушул 4 баланы багыш мен учун окмоттун ишинде иштеп айлык алсам дагы тамак ашынан артпаса керек эле эч кимдин башына мындайды салбасын кудайым.
26.08.2017. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эрине балдарынын убалы тийсин. Балдарына боорум ооруду.
26.08.2017. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул деле байкуш чарчады да жалгыз иниси менен жан багып.
Баа бердим кучтуу адам экен.Жоолугун ороп,оокатын тын кылып атканына.
Чачылган тошокторуно маани берген жокмун.Балалуулар билишет,уй онойу менен жыйналбайт.Балалуу уй базар болуп.
Кудай деген кур калбайт.Кудайым ден-соолук,ыйман,боорукер,мээримдуу куйоо насип кылсын!
Мусулман бир туугандар жардам берет деп ишенем
26.08.2017. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
эки аял алууга багууга кудурети жеткендер,ушуга окшогондорду албайбы.Жоолугуна асылгандар жудомуш жашап куту терип ,жоолукчан жургону жакшы,чем сойку болуп,чачын саргартып жургончо.Балдарын адал багып жатыптыр.
26.08.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне үчүн акыркы убакта ушундай балдары менен калган айымдар көбөйүп кетти.Өткөндө Лейлектик Надира сулуу айымды окудум эле.Жардам бергим келди ушундай акыбалды көрүп алып.
26.08.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurbekasr,жардам бердинби анан?
26.08.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Omar2011,Эми окудум да эми буюрса жардам берем.Түнү азыр кайдан кандай жардам бермек элем,Өзүм Өзгөндө турсам таң атсын.
26.08.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оронуп алып откондо уй алган келин клуч тапшыралы десе салонго кетип куткон уккандан кийинки ойум эле.кудайым куч кубат берсин балдарынын омуру узуун акыл эстуу болуп чонойсун.кудайым буйурса Экинчи уй да тапшырылат биз жакта уй булосу менен мумкунчулугу чектелген адамга.иштери журушуп кетсе барак тибинде уй салып уйу жок кыйналган адамдарга жардам берип калышса жакшы эле
26.08.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай кечирсин мындайларга ичим ачышпай калган.
Кудайым сактап балдар эсен аман чоноюп алышса энесин карап алышат. Куйоо сорой аман Эле болсун
26.08.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайсы элдин зайыбын жудоо корсон ,ошол элдин эркегине кой куноону кой деген кеп бар .Эркектер аман эле болгула !!!
27.08.2017. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах бул аялга куч кубат берсин балдарына ыйман ынсап берсин супер инфо тел номери барбы болсо жазып коёсуздарбы сураныч?
27.08.2017. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jooluk salyp orongon kelin eken , emne myncha orongondordun baary le tagdyry ushundai taiky boldu eken , kudai ozun saktaa.
27.08.2017. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nora,Сыноо учун.Акыретте Кудай байса-бай коп деген соопторду берет.
Кыйынчылыка кабылган бул адам бир сыноого кабылса,ушуга жардам берээр бекен деген адамдар озунчо сыноого кабыл болот экенбиз.
Бир учурда баарыбыз сыноодон отуп атабыз.
Бул дуйнодо кыйынчылыкты коргондор байларга караганда Бейишке 500жыл мурун киришет экен
27.08.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кичине баласы 9 айлык болсо куйоосу 1,6 жыл мурун таштаган окшойт да. Он жыл каробка терсе куйоосун каробка терип багып жургон болобу ошондо... Жыл сайын торогон окшойт балдарын
27.08.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушинтип кыйналып журуп да торой берген экен да.Алына жараша торошпойбу анан.Качан караба ушул акыбал.Просто боорум ооруйт аялдарга.Тороп берсе,эркеги чанып таштап кетсе кандай аянычтуу.
27.08.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн улуусу 10 жашта экен кичуусу 9 айлык куйоосу кеткенине 1 жыл же 1,5ж болгон анан кандайча 10 ж бери коробка терет иниси экоо. Значит чон улуу торолгондон бери эле коробка терип жашашат куйоосун деле ошентип баккан, андай экен зачем 4сун торойт кыйналып, достойна бага албаса. Эртен бул балдар же тарбия же мээрим же жетиштуу конул бурулбай чонойот. Кыскасы тушунуксуз.
28.08.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм ишенич кыйын го. буюм тайымы тузук эле экен. он жылдан ашуун убактан бери каробка терип жан багам дейт кайра жолдошум тортунчу балам боюмда кезде таштап кетти дейт бир аз дал келбоочулук. ошондо турмушка чыкканда эле каробка терип баштаганбы. тортту торотуп таштап кеткен эркеги аман эле болсун.
28.08.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
негиз кобойолуу,удаа удаа торош керек деген пикир азыркы заманга дал келбегендей. ар бир баланын ырыскысы бар дейбиз, туура олбогон жанга жаз келет болуп бир куну ачка бир куну ток болуп кун отуп бала чоноё берет бирок ар бир баланын бактылуу жашоого укугу бар да.
31.08.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардамга муктаж Чолпонайдын байланыш номуру 0554 848525
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: