super.kg logo

"Сентябрь" каналы "Жалбырак ТВ" болуп өзгөрдү

 

"Сентябрь" каналы "Жалбырак ТВ" болуп өзгөрүлө турганын кечээ, 27-августта "Сентябрдын" имаратынын алдында өткөн иш-чарада SUPER.KG'ге жамааттын жетекчиси Кайыргүл Урумканова билдирди.

"Буга чейинки телеге ылайыкталган долбоорлорубузду кайрадан иштеп чыгып, мындан да кызыктуураак тартуулаганы турабыз. Түз эфирлерибиз көп болот. Сот чечимдери жыйынтыкталып, кайрадан телеге кайтып келгичекти биздин көрүүчүлөр үн-сөз жок жоголуп кетти дебесин деп интернет айдыңында иштеп туралы дедик. "Сентябрда" буга чейин чыгып келген программалардан эртең мененки "Ыр белек" гана чыкпайт, калган программалар мурда кандай чыгып келсе, ошондой өңүттө интернетке чыга берет. Кызматкерлер да мурдагы түзүм боюнча эле калып, эч ким кыскартылбайт.

Жаңы каналыбызга ат тандоодо бизге көптөгөн сунуштар келди. Октябрь, ноябрь деген да сунуштар болду. Айылдарда көпчүлүк көрөрмандарыбыз "тиги жалбырагы бар каналга коюп койгулачы" деп айтышат экен да. Анан ошондон улам соттун чечими менен жабылат дегенди уккан эл бизге чалып, "жалбырагыңар эмне болуп жатат?" деп сурай башташты. Кийин жалпы жамаат кеңешип "Жалбырак ТВ" деп атоону чечтик", - деди Урумканова.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура мурда Жалал-Абад шаарында чыгып турган оппозициялык маанайдагы ​"Сентябрь" каналында КСДПнын өкүлү, буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат жарыяланган деген негизде аталган каналды жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ошондой эле мурдагы Ош милициясынын жетекчиси Абдылда Капаровдун каналга берген маегинде экстремисттик маанайдагы сөздөрдү сүйлөгөндүгү кошумчаланган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту прокуратуранын арызынын негизинде 22-августта "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Комментарийлер(5)
28.08.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Октябрь да жакшы идея болчу экен
28.08.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бираз серьёзно ат койушпайбы .Жалбырак болмок беде.
28.08.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсынар КТР ден мин эсе жакшысынар ар дайым чындыкты айткан.Ошон учун айтатда АК ийилет Бирок сынбайт деп.Ишинерге ийгилик.
28.08.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Да жакшы ат.
Чындыкты айткыла эми жалган жалаа калп соз суйлобогуло баары жакшы болот
28.08.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо интернеттен гана көрөбүзбү? ТВда кече түнү 1де өчкөн бойдон көрсөтпөй жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: