super.kg logo

Ислам Каримовдун кичүү кызы атасынын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү тууралуу интернетке пост илди

 

Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-ТилляеваӨзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева интернеттеги социалдык түйүндөгү жеке баракчасына атасынын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү тууралуу пост илди.

“Мен атамдын жана Өзбекстандын биринчи президентинин өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү тууралуу өз көзү менен көргөн адам айтып бериши керек деп чечтим. 20 жылдан бери эң жакын адамым мен кайгыга чөгүп турганда атамдын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү тууралуу жазган”, - деп Лола курбу кызы Акила Таированын Каримовдун акыркы мүнөттөрү тууралуу жазганы менен улантты.

“Президенттин көзү тирүүсүндө аны менен жолугушкан эмес элем. Студент кезимде аны алыстан спорттук иш-чарадан эле көргөм. Бирок мага анын акыркы мүнөттөрүндө жанында болуу буйруптур. 2016-жылы 31-августта кечинде анын жашоосун сактап калуу боюнча үмүт бар эле. Курбумду колдоо үчүн 1-сентябрда кечинде Ташкент шаарына баргам. Президенттин жанында жубайы Марьям, кызы Лола жана анын улуу кызы болгон. 2-сентябрда саат 9:00 чамасында өзбек маалымат каражаттарында Каримовдун ден соолугу начарлап жатканы боюнча жаңылыктар чыгып баштаган. Лола мага телефон чалып атасынын 2-3 саат өмүрү калганын айткан. Ооруканага барганыбызда, анын денеси катуу ысып жатыптыр. Адам каза болоюн деп жатканда окулчу сүрөөсүн окуу үчүн дин кызматкерлерин чакырышкан. Бул дал келгендикпи билбейм, бирок сүрөөнү окуп баштаганда температурасы 36,5 градуска түшкөн. Баарыбыз ыйлап жаттык, дин кызматкерлери сүрөөнү окуп жатып ыйлаганы үнүнөн байкалып жатты. Бул учурда ал сүрөөнү угуп, кызы жанына барып сүйлөгөнүн сезип жаткандай болду. Ошентип ал 12 сааттан кийин каза болгон".

Андан соң Акила Таирова Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты тууралуу жазган.

"Лола атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүнү пландап, Самаркандга апасынын жанына көмүү керек экенин айтты. Бир нече жыл мурун президент Самаркандга барганда аялына аны апасынын жанына көмүүнү суранган экен. Эртең менен акыркы сапарга узатуу аземине катышуу үчүн аталган шаарга баруу керек болчу. Мен расмий кортежде баруучулардын катарында болбогондуктан эртең мененки саат 5:00дө аэропортко бардым. Ошол убакта Ташкенттин көчөлөрүнүн баары ыйлаган эл менен толуп туруптур. Саат 8:00 чамасында президенттин балалык чагы өткөн үйгө бардык. Ошол жерден президентке жаназа окулду. Андан кийин коштошуу аземи Өзбекстандын өкмөт мүчөлөрү, башка мамлекеттин башчыларынын катышуусунда Самарканддын форумдар мекемесинде уланды. Ошентип президент апасынын мүрзөсүнүн жанына жерге берилди”, - деп эстейт Таирова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
28.08.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чыныгы президент эл башкара билген чыгаан инсан болчу жаткан жери жайлуу болсун!
28.08.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Канча адамды сыздаткан деп укканмын.Молдолорду чакырып алдап туруп турмого каматкан деп укканмын.Анан олор алдында молдо керек болуптур го ошол учун молдого тил тийгизбегиле
28.08.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ayida,молдо болсо эле эмне кудайдын эрке баласыбы? Молдолоруң деле кылмыш кылып жүрүшөт. Динди жамынган ислам фанатистери Өзбекстандын мамлекеттик түзүлүшүн кулатып халифат курабыз деп жүрүшөт кой терисин жамынган карышкырлар. Каримов ошолорду тыйды, камады.
28.08.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bazar,Сен ойлогон молдонун атын жамынгандар болок. Сен олсон да ошол молдо окуйт жаназа
28.08.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ayida, молдо окуганын жакшы билем. Эмне молдо экен деп унчукпаш керекпи?
28.08.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bazar,Билбей эле суйлой бербечи, Каримов акыркы жылдары Кыргызстандын Аксы аймактарына аскерлерин киргизип согуш чыкмакчы болуп калганда Аллах озу аны алды окшойт. Андижан окуясы деген бар, ото коп адамдарды аттырып салган дешет, каалаганын кылган бул адам олордо молдону чакыртып алган экенда.
29.08.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
jbolotov,төө десе бээ дейсин да. Анжиян окуясынын темага кандай тийешеси бар?
28.08.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билип билбей тил тийгизбе.
28.08.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rios.07, флудга жол берилбейт. Эскертүү сызыгы толгон, Түбөлүк БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-28 15:41:24
29.08.2017. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,эскертуу сызыгы канча жолу эскертуу бергенде толот жооп берип койоаласыздарбы?
29.08.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Leilektik, саламатсызбы! 5 жолу эскертүү берилип, деңгээл көтөрүлсө Түбөлүк БАНга кетет.
28.08.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Олгон адамды жон койгулачы, кандай адам болсода Аллахтын алдында озу жооп берет, жаткан жери жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: