super.kg logo

Көк бөрү федерациясынын вице-президенти: "Казакстанга сатылган жокпуз. Балдар жакшы оюн көрсөтө алышкан жок"

 

27-августта көк бөрү боюнча Астанада өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалдык бөлүгүндө кыргыз улакчылары казак улакчыларына 4:1 эсебинде утулуп калган. Бирок буга айрым интернет колдонуучулар нааразы болуп, социалдык баракчаларга оюнчулар арасында соодалашуу жүргөнү мүмкүн экенин жазышууда.

Бул маселе боюнча Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов SUPER.KG'ге кыргыз улакчыларынын эмне үчүн утулуп калганын айтып берди.

"Жалпы жонунан эрежелер сакталып, оюн жакшы өттү. Бирок биздин балдар финалда жакшы оюн көрсөтө албай калышты. Алар "болгон аракетибизди жасадык, бирок жыйынтык ушундай болуп калды" дешти. Бул эми спорт. Спортто бирде жеңилсең, бирде жеңесиӊ.

Федерация тарабынан бүт баары камсыздалып, каржыланып, эмне маселе болсо убагында чечилип жатты. "Сатылып кетиптир, сүйлөшүп коюптур" деген сөздөрдүн баары жалган жалаа. Кантип эле 2-3 ай даярданып келип, сатылып кетели. Биз баарыбыз биринчи орунду алып, өлкө желегин бийик көтөрөбүз деген максат бар болчу. Бирок андай болбой калды. Биз элдин үмүтүн актай албай калдык", - деди Саматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(41)
28.08.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Берки шопур жайлады баарын
Балдар жакшыле ойноп келатып финалда кантип ойной албай калсын
Шопур суйлогонун кордум суйлошуп койдум баарын чечип койдум деп озуле айтып койупурго башындале
28.08.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ай ким билет ким билет сизсиз вице президент. балким бир кун айтарсыз сатылганбыз деп.ошол казак Астана ойун болду жон гана биз алалы Кыргыз деп сатып алдын акчага
28.08.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Намыстан акча бийик экенин, нечен жолу далилдеп беришти башчыларыбыз. Улак кеп бекен?
29.08.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
no.comment,кыска, нуска жооп!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: