super.kg logo

Зордукталганы тууралуу шоуго тартылып, интернет жылдызына айланган Диана Шурыгина турмушка чыгат

 

2016-жылы Диана Шурыгина аттуу орусиялык өспүрүм кыз 16 жашында зордукталып, ал окуясы менен "Пусть говорят" берүүсүнө катышып, коомчулук арасында чоң талкууга жана сын-пикирге кабылган эле. Ошол окуядан соң интернет жылдызына айланган Шурыгина күз айларында турмушка чыгуу алдында турат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, анын болочоктогу жолдошу Биринчи каналда оператор болуп иштеген 29 жаштагы Андрей Шлягин аттуу жигит. Экөө алып баруучу Андрей Малахов даярдаган "Диана Шурыгина менен шуры-муры" берүүсү тартылып жатканда таанышышкан. Арадан көп өтпөй кыз-жигитке айланып, жакында эле мыйзамдуу түрдө никелешүү үчүн ЗАГСка арыз таштап келишкенин Шурыгина өзү билдирген.

"Андрей мени моралдык жактан абдан колдоду. Сүйлөшүп баштаганыбызга 3 ай болгону менен, азыр чогуу жашап, бири-бирибизден ажырабайбыз. Жакында эле тамактанып отурсак, мага турмушка чыгуу сунушун киргизди. Күтүүсүз болду. Ата-энелерибиз азырынча баш кошууга жаш экенибизди айтышты. Бирок жакшылыктын эрте-кечи жок. Нике күбөлүгүбүздү 5-октябрь күнү колго алып, андан соң ресторанда чакан той беребиз", - деген ал.

Ошондой эле учурда экөө тең бири-биринин ата-энеси менен таанышканын жана алар балдары үчүн абдан кубанып жатышканын кошумчалаган.

Сүйүктүүсү Андрей Шлягин менен

Белгилей кетсек, ушул жылдын январь айында орустардын "Пусть говорят" берүүсүндө Диана Шурыгина аттуу өспүрүм кыздын зордукталганы боюнча чыккан көрсөтүүдөн соң коомчулук арасында кызуу талкуу жүрүп, аталган берүү бул теманын алкагында 5 жолу программа даярдаган. Ал гана эмес берүүнүн ошол кездеги алып баруучусу Андрей Малахов атайын Диананын жашоосу чагылдырылган "Диана Шурыгина менен шуры-муры" деген аталыштагы көрсөтүү даярдап, өспүрүм кыз интернеттин жылдызына айланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
28.08.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Талкаланганын реклама кылган турбайбы шуры-муры...
28.08.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тооба.. соз жок
28.08.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгында сулуу кыз.Мына дагы бир далил,зордукталдынбы же ким болсон да эркек учун аял кишинин сулуулугу биринчи орунда тураары анык.Биринчи-сырткы сулуулук дейт булар(эркектер дегеним).Диана сулуу,сен да бактылуу болууга акын бар,аялдык бакыт каалайм!
Eleko түзөттү 2017-08-28 14:53:32
28.08.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
оштукча айтканда сразу болуп кетиш деген ушулкенда а диана
28.08.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Танцы дн программага стриптиз бийлеп катышат деп уктум го.
28.08.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Той качан экен
28.08.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bolunbo.kyrgyz,5 Октиябрга келебересин тойго сана кабар шул
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: