Чүйдө белгисиз адамдын сөөгү табылды

Бүгүн, 28-августта Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Төмөнкү Серафимовка айылындагы тоодон адамдын сөөгү табылгандыгын интернет колдонуучуларынын бири өзүнүн баракчасына жазды.
Чүй ОИИББинин маалымат катчысы Нурбек Токтосунов SUPER.KG'ге белгисиз адамга таандык сөөк табылганын тастыктады.
"Ысык-Ата районунун аймагындагы тоодон белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы анык. Биздин кызматкерлер окуя катталган дарекке жөнөп кетишкен. Азырынча адамдын сөөгү кандай шартта ал жерге көмүлүп калганы белгисиз. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунан кийин гана сөөк кайсы жылдары көмүлгөндүгүн айта алабыз. Толук маалыматты кийинчерээк беребиз", - деди Токтосунов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
ali96

28.08.2017. 18:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай сооктор тоонун бетинен бизде (Кочкор) деле чыгат...Элдин айтуусу боюнча Уркун убагында мурзо болгон деп айтышат
Makkambaev97

28.08.2017. 19:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Манастын соогу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.