ЖЫЛНААМА, 29-АВГУСТ: 94 жыл мурун англиялык актёр, режиссёр, продюсер Ричард Аттенборо туулган
94 жыл мурун англиялык актёр, режиссёр, продюсер Ричард Аттенборо Англиянын Кембридж шаарында 1923-жылы 29-августта туулган. "Оскар", "Алтын глобус", BAFTA сыйлыктарынын бир нече жолку ээси. Ал "Елизавета", "Юр доорунун паркы", "Юр доорунун паркы 2: Жоголгон дүйнө", "Доктор Дулиттл", "Феникстин учуусу" жана башка тасмаларында роль жараткан. Ал эми "Сүйүүдө жана согушта", "Көлөкөлөр өлкөсү", "Чаплин", "Ганди", "Жаш Уинстон" жана башка фильмдерине режиссёрлук кылган.
Аттенборо инсульттан кийин жашоосунун акыркы 5 жылын майыптар арабасында өткөзгөн. Ден соолугунун начарлап кеткенине байланыштуу 2013-жылы март айында карылар үйүнө жайгаштырылган. Ал эми 2014-жылы 24-августта режиссёр 90 жаш курагында Лондондо көз жумган.
29-августтун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.